«Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинин өкүлдөрү 1-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылышты. Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн сурак уюмдун кеңсеси менен юристтеринин үйлөрүндөгү тинтүү иштерине жана «экстремизмге» айыпталган америкалык журналист Умар Фарукка каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу экендигин айтып жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги (УКМК) сурак «Бир дүйнөнүн» Оштогу кеңсеси менен уюмдун юристтери Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитовдун үйлөрүндөгү тинтүү иштеринен беш күн өткөн соң болууда.

Укук коргоо уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн «маалыматты бир аз мурун гана алгандыктан» азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыктарын билдиришти.

Алардын айтымдарында, суракка Салиев менен Вахитов гана чакырылган. Учурда экөө тең УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн имаратында.

УКМКнын басма сөз кызматынан андай маалыматка «ээ эмес» экендиктерин билдиришти.

«Мыйзамсыз» тинтүүлөр

Салиев менен Вахитовдун үйлөрүндө, ошондой эле «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө иштеп жаткан ноутбуктар жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдары алынган.

Салиев менен Вахитовдун өзүлөрүнүн айтымдарында, аларга карата эч кандай айыптоолор тагылган эмес, а тинтүү иштери «экстремизмге» айыпталып жаткан америкалык журналист Умар Фарукка каршы козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштери жүргүзүлгөн күндүн эртеси Кыргызстандын Жактоочулар кеңеши Башкы прокуратурага доо арыз менен кайрылып, тинтүүлөрдү «мыйзамсыз» деп атап, көзөмөлдөө органынан атайын кызматтын кызматкерлерине карата «катуу» чараларды көрүүнү талап кылган.

УКМК тинтүүлөрдүн «мыйзамдуу» болгондугун билдирүүдө. Бирок алар тинтүү иштерин «мыйзамдуу» деп эсептеп жатышкан конкреттүү юридикалык нормаларга шилтемелерди келтиришкен жок.

«[…] В.А.Вахитов менен Х.К.Салиевдин жашаган даректери боюнча тинтүү иштери мыйзамдуу жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлеринин бардык аракеттери Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык укук ченемдүү болгон», — деп билдирүүдө мекеменин басма сөз кызматы.

УКМК юристтер Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйлөрүн тинтүүгө Ош шаардык сотунун чечими боюнча уруксат берилгендигин дагы бир жолу билдирди. Атайын кызматтагылар жактоочулардын үйлөрүнөн «диний мазмундагы материалдар» табылгандыгын айтышты.

Атайын кызматтагылар Фарук «экстремизмге» шектелип жаткандыгын билдирип жатышат. Кармоо маалында анын жанынан «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдары табылган.

«Ошондой эле [Фаруктун жанынан] диний-экстремисттик жана террористтик мүнөзгө ээ, «жихадка» жана диндер аралык кастыкка үгүттөгөн видеоматериалдарды камтыган DVD-дисктер алынды», ― деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, Умар Фарук түштүк борборго 15-16-мартта келип, 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыш, ошондой эле Сирияга согушка кетип жаткан адамдар тууралуу макалалар үчүн маалымат топтоо менен алектенип жүргөн.

Фарук штаттан сырткаркы кабарчы болуп эсептелет жана «Уолл Стрит Джорнал», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Аль-Джазира» сыяктуу америкалык жана эл аралык басылмалар үчүн макалаларды жазат.

Фаруктун өзү Кыргызстандан 29-мартта депортацияланган.

«Коркунучтуу» прецедент

«Бир Дүйнөнүн» башчысы Төлөйкан Исмаилова Вахитов менен Салиевдин үйлөрүндөгү жана уюмдун Оштогу кеңсесиндеги тинтүү иштерин «адилеттүү юристтерге кол салуу» деп атады.

«Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиев биздин кесиптештер, юристтер менен көп иштешишкен. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда тигил же бул материалдарды экстремисттик деп корутунду чыгара турган институт жок. Эмнегедир УКМК адамдардан кандайдыр бир китептерди, баракчаларды таап, аларды экстремисттик мүнөзгө ээ деп эсептешип, аны экстремизмге каршы күрөш деп келишет», – деди ал.

Исмаилова «дагы деле жабык бойдон калып жаткан» атайын кызматтагылар тарабынан жасалып жаткан басымга кабатырланып жатканын кошумчалады.

Жактоочулар кеңешинин мүчөсү Нурбек Токтакунов жактоочулардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү менен УКМК «жакшы эмес прецедент» түзүп, «жактоочулардын кол тийбестиги» менен «жактоочулук ишмердүүлүктүн көз карандысыздыгын» бузгандыгын билдирди.

«Алар жөн гана өзүлөрүнүн жеке ич ара чатактары боюнча өч алууга келишти. Биригүүгө мезгил келди. Эгер бүгүн бизди тинтип башташса, анда эртең камап, кыйноого алып башташат, кеч боло электе бардык жактоочулар биригиши керек», – деди Токтакунов.

Автор: Алтынай Джалмамбетова.

Сүрөттүн автору: Шохрух Саипов.