Бишкек бийлиги эгер абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүүнү өчүрөт. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал 8-апрелге туура келиши мүмкүн.

Би-би-синин аба ырайына болгон божомолуна ылайык, Бишкекте 3-апрелден тарта күн жылып баштайт — абанын температурасы +9 градуска чейин жогорулап, 8-апрелге чейин андан төмөн түшпөйт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан шаар бийлиги жылуулук берүүнү 8-апрелде өчүрүшү мүмкүндүгүн ырасташты. Мэриянын өкүлүнүн айтымында, негизинен жылуулук берүү абанын температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору сакталып турса өчүрүлөт.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын маалыматы боюнча, алар жылуулук берүүнү 1-апрелден кеч эмес өчүрүүлөрү керек болчу. Бирок бийлик Кыргызстандагы аба ырайынын өзгөргөндүгүнөн улам өчүрбөй туруу чечимине келген.

Тема боюнча: Бишкекте акыркы 60 жылдан берки марттын эң суук күндөрү байкалууда

Абанын температурасынын кескин төмөндөшү 28-мартта башталган. Анда температура +10 градустан +5 градуска чейин, а түнкүнсүн -5 градуска чейин төмөндөгөн.

Автор: Алтынай Джалмамбетова