«Стопхам Кыргызстан» кыймылынын активисттери Бишкектин көчөлөрүндө жол коопсуздук эрежелерин бузгандарга каршы алгачкы рейдин өткөрүштү. Алар тыюу салынган жерлерге токтотулган автоунаалардын маңдайкы айнектерине эскертүүлөр жазылган баракчаларды чапташты.

«Стопхам Кыргызстан» кыймылы алгачкы рейдин 23-мартта өткөргөн — акцияда тартылган видеону алар интернетке 1-апрелде жайгаштырышты. Активисттер туура эмес жерлерге токтотулган автоунаалардын маңдайкы айнектерине «Стопхам Бишкек. Жол коопсуздук эрежелерин сактоо сиздин коопсуздугуңуздун кепилдиги» деген жазуулары бар баракчаларды чапташкан.

«Стопхамдын» өкүлү Султан Аскаров Kloop.kgге берген маегинде алар рейдди өткөрүү менен көчөлөрдөгү «адепсиздик менен оройлук» бардык нормалардан ашкандыгын көрсөткүлөрү келгендиктерин айтты.

«Биз чоң жетишкендиктерге жеткен жокпуз, бирок коомчулукка Кыргызстандын жаштары үчүн жолдо эмне болуп жаткандыгы баары бир эмес экендигин далилдей алдык», — деди ал.

Айтымында, активисттер айдоочулардан агрессивдүү мамиле күтүшкөн, бирок алар «түшүнүү менен мамиле кылышкан».

«Биз эч кандай чагымчылдык жок эле айдоочулардан унааны алып коюшун өтүнөбүз, а баракчаларды сейрек гана пайдаланабыз», — деди Аскаров.

Активист кыймыл түзүү идеясы ал тротуарды унаалар тосуп калгандыктан өтө албай калган кезде пайда болгон: «Анда досум «Стопхамдын» кыргыз аналогун түзүүнү сунуштаган».

Аскаров кыймылдын активисттери Москвадагы кесиптештери менен байланышып, чыр-чатак маалында кандай аракеттерди көрүү керектиги жазылган нускамаларды алгандыктарын айтты.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева Kloop.kgге берген маегинде бишкектик «Стопхамдын» рейддери тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирди. Ал активисттердин ишмердүүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Автор: Алтынай Джалмамбетова