Бишкектин Жол кайгуул кызматы борбордун көчөлөрүндөгү жол эрежелеринин бузулушуна каршы күрөшүп жаткандардын ишмердүүлүктөрүнө «кубанычта» экендигин, бирок алардын аракеттери «мыйзамдуу» болушу керектигин билдирди. Кыргыз «Стопхамдын» активисттери марттын аягында өзүлөрүнүн алгачкы рейдин өткөрүшкөн.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде милиция жол коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга каршы күрөштү кубаттай тургандыгын билдирди.

«Албетте коомчулуктун жол коопсуздук эрежелеринин сакталышына жардам берип жатканына кубанычтабыз, бирок анын бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек», — деди ал.

Оторов активисттер азырынча кандайдыр бир биргелешкен акцияларды өткөрүү боюнча жол милициясына кайрылыша электигин кошумчалады.

Кыргыз «Стопхамдын» активисттери алгачкы рейдин 23-мартта өткөрүшкөн — алар туура эмес жерлерге токтотулган деп эсептеген автоунаалардын маңдайкы айнектерине «Стопхам Бишкек. Жол коопсуздук эрежелерин сактоо сиздин коопсуздугуңуздун кепилдиги» деген жазуулары бар баракчаларды чапташкан.

Кыймылдын негиздөөчүсү Султан Аскаров учурда кыймылдын катарында өз каражаттарына иш-чараларды өткөрүп келе жаткан 40ка жакын активист бар экенин айтты.

«Биз чоң жетишкендиктерге жеткен жокпуз, бирок коомчулукка Кыргызстандын жаштары үчүн жолдо эмне болуп жаткандыгы баары бир эмес экендигин далилдей алдык», — деди ал.

Айтымында, активисттер айдоочулардан агрессивдүүлүктү күтүшкөн, бирок алар «түшүнүү менен мамиле кылышкан»: «Биз эч кандай чагымчылдык жок эле айдоочулардан унааны алып коюшун өтүнөбүз, а баракчаларды сейрек гана пайдаланабыз».

Аскаров кыймыл түзүү идеясы ал тротуарды унаалар тосуп калгандыктан өтө албай калган кезде пайда болгондугун айтты: «Анда досум «Стопхамдын» кыргыз аналогун түзүүнү сунуштаган».

Көйгөйлөр тууралуу талаш-тартыштар

Активисттердин рейди Kloop.kgнин социалдык түйүндөрдөгү окурмандарынын арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Алардын бир катары акцияны колдошсо, башкалары активисттердин аракеттеринин мыйзамсыз экендигин билдиришти, а үчүнчүлөрү Бишкекте унаа токтотуу жайларынын аз экендигин айтып даттанышты.

«Мейли [баракчаларды] кайсыл жерге кааласаңар ошол жерге чаптай бергиле!!! БИРОК МЕН УНААМДЫ КАЙСЫЛ ЖЕРГЕ ТОКТОТУШУМ КЕРЕК??? ДАЙЫМА БҮТ ЖЕРДЕ ОРУН ЖОК, АЛ ЭМЕС ТЫЮУ САЛЫНГАН ЖЕРЛЕРДЕ ДА, ИШЕНГИЛЕ!!! МЕН ЭМНЕ АСМАНДА КАЛКЫП ТУРУШУМ КЕРЕКПИ? ЖЕ ЖОК БОЛУП КЕТЕЙИНБИ?? АЛГАЧ УНАА ТОКТОТУУГА ШАРТТАРДЫ ТҮЗГҮЛӨ, АНДАН КИЙИН КААЛАГАНЫҢАРДЫ КЫЛГЫЛА!» — деген пикирин калтырган Жакшылык Токталиев аттуу колдонуучу.

Жооп катары Улугбек Исмаилов деген ысым менен катталган колдонуучу шаарда унаа токтотуучу жерлердин бардыгын, бирок маселе «алардын жайгашкан аралыгында» экенин жазган.

«90% учурда 5 мүнөт жөө баса турган аралыкта, 99% учурда 10 мүнөт жөө баса турган аралыкта. Айдоочу катары айтып жатам. Дайыма шашып атам деп айтууга болот, бирок ал аргумент эмес. Ошондуктан айланадагылардын бардыгы күнөөлүү деп кыйкыра берген болбойт, а жөн гана ар ким өзүнөн баштоосу керек!» — деп жазган ал.

Башкалары активисттердин аракеттеринин мыйзамдуулугу маселесин көтөрүп чыгышкан — Аза Исмаилов аттуу колдонуучу «кайдан пайда болгондугу белгисиз, түшүнүксүз топко» баш ийбей тургандыгын жазган.

«Жеке мен унаамды ЖКК кызматкеринин айтканына баш ийип (милдеттүүмүн) башка жакка жылдырмакмын. […] Кыргызстан укуктук мамлекет да, тигил же бул жарандар менен уюмдарга кандайдыр бири аракеттерди көрүү укугун мамлекет гана бере алат. КРнын Конституциясы боюнча, Жеке менчик кол тийбестик болуп эсептелет», — деген пикирин билдирген ал.

Автор: Алтынай Джалмамбетова