Кыргызстандын мурунку муфтийи Рахматулло Эгембердиев кыргыз атайын кызматынын көрсөтмөсү менен Казакстандын аймагында кармалды. Ал салыктан качууга айыпталып жатат.

Эгембердиев Казакстандын түштүгүндө кармалды — 2-апрелде Түштүк Казакстан облусунун Сарыагаш райондук соту экс-муфтийди убактылуу камакка алуу чечимин чыгарды.

Кыргызстанда ал Кылмыш кодексинин 213-беренесинин экинчи бөлүгү — «ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качууга» айыпталууда. Дин кызматкерин кармоо көрсөтмөсүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жөнөткөн.

Эгембердиевге каршы кылмыш иши 2013-жылы УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон.

«Кылмыш иши териштирилип бүткөн соң ал дароо сотко өткөрүлүп берилген, бирок башкы фигурант (Эгембердиев) соттук процесстерге дээрлик келген эмес. Андан улам сот тарабынан ага эл аралык издөө жарыялоо чечими чыгарылган», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Башкы прокуратурадан аларга экс-муфтийдин кармалгандыгы тууралуу расмий кат келбегендигин билдиришти — азырынча Эгембердиевдин Кыргызстанга качан өткөрүлүп берилери белгисиз.

Экс-муфтий болжолдуу түрдө анын жаш аял менен жыныстык катнаш мамилеси тартылган видео интернетке жарыялангандан кийин 2014-жылдын башында отставкага кеткен. Кийинчерээк ал видеодогу аял «жубайы» экендигин билдирген.

Сүрөт: «Азаттык» радиосу.