«Курманжан Датканын» режиссёру Садык Шер-Нияз үстүбүздөгү жылдын күзүндө Лос-Анжелесте өтө турган Эл аралык Азия кинофестивалын негиздеди.

Алгачкы Эл аралык Азия кинофестивалы (AWFF — Asian World Film Festival) үстүбүздөгү жылдын 27-октябрынан 2-ноябрына чейин Лос-Анджелесте өтөт. Жаңы фестивалдын негиздөөчүсү жана төрагасы кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз.

finallgo_date1-1024x769

«Биздин аймакта бааланбаган, бирок көңүл бурууга татыктуу көптөгөн кинематографисттер бар. Бул фестиваль ошолорду алдыга илгерилетүү максатында түзүлдү», — деди Шер-Нияз.

Фестивалдын негиздөөчүсүнүн айтымында, ага катышуу кинематографисттердин көзгө урунуп, «Оскар», «Золотой глобус» жана «Эминин» номинанттарынын тизмесине кирүүсүнө жардам берет.

«Мыкты тасма», «Калыстардын тандоосу» жана «Көрүүчүлөрдүн жактырган байгеси» деген үч сыйлыктан турган фестивалдын сынактык программасына Азия өлкөлөрүнүн элүүдөн ашык өлкөсүнүн режиссёрлору билдирме бере алышат. Билдирмелерди кабыл алуу 13-майда башталып, фестивалдын биротоло бекитилген программасы 5-октябрда жарыяланат.

download

Фестиваль кинотасмалар тууралуу белгилүү TheWrap басылмасынын маалыматтык колдоосунда өтөт. Басылманын журналы менен сайты 2009-жылы The Washington Post жана The New York Times гезиттеринин мурунку журналистти Шэрон Ваксмэн тарабынан негизделген. Учурда TheWrap басылмасы Variety, Deadline жана Hollywood Reporter менен катар кино өндүрүшү тууралуу ири медиалардын бири болуп эсептелет.

TheWrap басылмасынын башкы редактору Ваксмэндин айтымында, «Садык Шер-Нияздын сыйлыктарды тапшыруу мезгилинде таланттуу жана белгисиз кинематографисттерди колдоп, таанытуу идеясы ишке ашырууга татыктуу».

Садык Шер-Нияз — Кыргызстандын мурунку маданият министри жана «Курманжан Датка» тасмасынын режиссёру. 2014-жылдын аягында ал Лос-Анджелесте болуп, Алай ханышасы тууралуу тасманы престиждүү «Оскар» кино сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясынын шорт-листине киргизүү максатында тасманы тааныштыруу менен алектенген. Жыйынтыгында тасма номинанттардын тизмесине кирген жок (бааланып жаткан 83 тасманын 12чиси болуп), бирок Шерон Стоундун жакшы пикирине татыды.