Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Стопхам» «бейформал уюм» болгондуктан азырынча алар менен кандайдыр бир кызматташуу тууралуу айтууга эрте экендигин билдирди. Активисттердин өзүлөрү милиция менен кызматташууга жетишүүгө аракет кыла тургандыктарын айтышты.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде азырынча милиция борбордун көчөлөрүндө жол эрежелерин бузгандарга каршы күрөшүп жаткан «Стопхамдын» активисттерине жөө кызматкер бөлүп берүүгө даяр эмес экенин билдирди.
«Алар көп болсо ЖМКлар, коомчулук аркылуу жолдордогу башаламандыктарды көрсөтө алышат, андан соң алар боюнча мамлекеттик түзүмдөр тиешелүү чараларды көрүшөт», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.
Осмонбаев активисттердин ишмердүүлүктөрүн жактыруу менен кабыл алды, бирок алардын «аша чаап кетпеши» керектигин эскертти.
«Мисалы, мындай рейддер Орусияда, Казакстанда мүлктөрдүн бузулушуна чейин жеткен учурлар бар, андай болбошу керек. Анын бардыгы сотто карала турган иш болуп калышы мүмкүн», — деди ал.
Кыймылдын негиздөөчүсү Султан Аскаров Kloop.kgге берген маегинде билдиргендей, активисттер ишмердүүлүктөрү тууралуу жазылгандан кийин бишкектиктердин айткан сын-пикирлерин эске алышкан. Ал «Стопхам» Юстиция министрлигинде каттоодон өтүү процессин аяктап жаткандыгын, андан соң кызматташуу тууралуу чиновниктер менен сүйлөшө тургандыктарын айтты.
«Кызматташуу тууралуу сүйлөшүү үчүн ички иштер министри Мелис Турганбаев менен жолугушууну пландаштырып жатабыз. Биз менен жөө жүрүп, унаасын алуудан баш тарткан айдоочуларга карата протокол түзүүгө кызматкерлерди бөлүп бериши боюнча», — деди ал.
Активисттер ички иштер министринен сырткары шаарда унаа токтотуу жайларынын жетишсиздиги боюнча сүйлөшүү үчүн Бишкектин мэри менен жолугууну каалашат.
«Бизде жөн эле бош турган аянттар көп. Эмнеге аларды автоунааларды токтотчу жай кылып койсо болбосун?» — деп суроо салды кыймылдын уюштуруучусу Султан Аскаров.
Ал уюм каттоодон өткөндөн кийин унаалардын маңдайкы айнектерине чаптала турган баракчалардагы жазууларды өзгөртө тургандыктарын айтты.
Азыр баракчаларда Стопхам Бишкек. Жол коопсуздук эрежелерин сактоо сиздин коопсуздугуңуздун кепилдиги» деп жазылган. Активисттердин айтымдарында, эми андагы жазуу «Мен — адепсизмин. Унаамды каалаган жерге токтотом. Каалагандай айдайм», деп өзгөртүлөт.
«Ошондой эле баракчалардагы желимдин химиялык курамы алмаштырылат, эми алар айнектен сыйрып алууга кыйыныраак болгон, өзү чаптала турган кагаздардан болот», — деди Аскаров.
Алгачкы рейд жана сын-пикирлер
Кыргыз «Стопхамдын» активисттери алгачкы рейдин 23-мартта өткөрүшкөн — алар туура эмес жерлерге токтотулган деп эсептеген автоунаалардын маңдайкы айнектерине «Стопхам Бишкек. Жол коопсуздук эрежелерин сактоо сиздин коопсуздугуңуздун кепилдиги» деген жазуулары бар баракчаларды чапташкан.
Активисттердин рейди Kloop.kgнин социалдык түйүндөрдөгү окурмандарынын арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Алардын бир катары акцияны колдошсо, башкалары активисттердин аракеттеринин мыйзамсыз экендигин билдиришти, а үчүнчүлөрү Бишкекте унаа токтотуу жайларынын аз экендигин айтып даттанышты.
«Мейли [баракчаларды] кайсыл жерге кааласаңар ошол жерге чаптай бергиле!!! БИРОК МЕН УНААМДЫ КАЙСЫЛ ЖЕРГЕ ТОКТОТУШУМ КЕРЕК??? ДАЙЫМА БҮТ ЖЕРДЕ ОРУН ЖОК, АЛ ЭМЕС ТЫЮУ САЛЫНГАН ЖЕРЛЕРДЕ ДА, ИШЕНГИЛЕ!!! МЕН ЭМНЕ АСМАНДА КАЛКЫП ТУРУШУМ КЕРЕКПИ? ЖЕ ЖОК БОЛУП КЕТЕЙИНБИ?? АЛГАЧ УНАА ТОКТОТУУГА ШАРТТАРДЫ ТҮЗГҮЛӨ, АНДАН КИЙИН КААЛАГАНЫҢАРДЫ КЫЛГЫЛА!» — деген пикирин калтырган Жакшылык Токталиев аттуу колдонуучу.
Жооп катары Улугбек Исмаилов деген ысым менен катталган колдонуучу шаарда унаа токтотуучу жерлердин бардыгын, бирок маселе «алардын жайгашкан аралыгында» экенин жазган.
«90% учурда 5 мүнөт жөө баса турган аралыкта, 99% учурда 10 мүнөт жөө баса турган аралыкта. Айдоочу катары айтып жатам. Дайыма шашып атам деп айтууга болот, бирок ал аргумент эмес. Ошондуктан айланадагылардын бардыгы күнөөлүү деп кыйкыра берген болбойт, а жөн гана ар ким өзүнөн баштоосу керек!» — деп жазган ал.
Башкалары активисттердин аракеттеринин мыйзамдуулугу маселесин көтөрүп чыгышкан — Аза Исмаилов аттуу колдонуучу «кайдан пайда болгондугу белгисиз, түшүнүксүз топко» баш ийбей тургандыгын жазган.
«Жеке мен унаамды ЖКК кызматкеринин айтканына баш ийип (милдеттүүмүн) башка жакка жылдырмакмын. […] Кыргызстан укуктук мамлекет да, тигил же бул жарандар менен уюмдарга кандайдыр бири аракеттерди көрүү укугун мамлекет гана бере алат. КРнын Конституциясы боюнча, Жеке менчик кол тийбестик болуп эсептелет», — деген пикирин билдирген ал.