Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия козголоңчулар менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп жаткан Йеменден үч кыргызстандыкты эвакуациялоого жардам бергендигин билдирди.

Бүгүн эртең менен үч кыргызстандык Йеменден Подмосковьедеги «Чкаловский» аскердик аба майданына келип конушту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматы боюнча, учакта 1992чи, 2001чи жана 2003-жылы туулган үч бала бар болгон.

Үчөө тең — бир туугандар. Алардын атасы — этникалык араб — Йеменде калды, апасы болсо балдары менен көрүшүү үчүн Бишкектен Москвага учуп кеткен.

ТИМдин маалыматы боюнча, дагы үч кыргызстандык бүгүн эртең менен Москвадагы «Домодедово» аба майданына учуп келиши керек болчу.

Кагылышуулар күчөй турган болсо жалпысынан Йеменден Кыргызстандын 17 жаранын эвакуация кылуу каралууда. Кыргызстандын жарандарынын бири Йемендин борбору Санада, калгандары — борбордон 500-600 чакырым алыстыктагы аймактарда жашашат.

Йемендеги куралдуу кагылышуулар

Йемен кагылышууларынын түпкүрү тереңде. Ал 1990-жылы Түндүк жана Түштүк Йемен биригип, бир мамлекет түзүлгөндөгү шийит азчылыгы менен суннит көпчүлүгүнүн ортосундагы тирешүүгө барып такалат. Түндүктө жашаган шейиттер акыркы 20 жылдан бери автономияны же көбүрөөк көз карандуулукту талап кылып келишет.

Йемен кагылышуусу 2014-жылдын ортосунда,  шейит мусулмандары — хуситтер — Йемендин облустарынын биринин борбору Амран шаарын басып алгандан кийин курчуп баштаган. Анда өкмөт менен хуситтер бири-бирин аскердик аракеттерди көкүтүүгө айыпташкан.

Көтөрүлгөндөр «коррупциялашкан министрлер кабинетине» каршы массалык демонстрацияларды өткөрүшүп, автономия берүүнү талап кылышкан. 2015-жылдын башында алар өлкө облустарынын борборлоруна өз көзөмөлдөрүн орнотушкан.

Йемендин президенти Абд Раббу Мансур Хади Сауд Аравиясына качып кетип, Иран тараптын колдоосу менен пайдаланып жаткан хуситтерге каршы жардам сураган.

Араб жарым аралы менен Түндүк Африканын бир нече өлкөсүнүн аскерлери өкмөттүк күчтөрдү колдоо үчүн 2015-жылдын мартында Йеменге кирип барышкан. Хуситтер азырынча өлкөгөСауд Аравиясы менен Египеттин аскерлери киргендигин билдиришүүдө.