«Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин билдирди. «Кыргызалтын» менен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычы марттын аягында өткөн.
Мамытов Kloop.kgге берген маегинде «азырынча эч кандай жыйынтык жок» экенин жана «Центерра Голд» менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди. Токон Мамытов жетектеген «Кыргызалтын» ишканасы «Кумтөрдүн» 100 пайызын ээ болгон «Центеррадагы» Кыргызстандын акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат.
2-апрелде «Кыргызалтындын» төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров экономикалык келишимдердин шарттары кендеги казуу иштеринин жаңы планынан улам өзгөргөндүгүн билдирди.
Анын айтымында, мындан улам кыргыз тарап канадалык компанияга биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашуу долбоорунун экономикалык жагына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.
«Акыркы сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан канадалык тарапка биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашуу долбооруна жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Анда өлкө үчүн алдын ала төлөөнү, ошондой эле «Центерра» кармап турган 200 млн. доллар өлчөмүндөгү активдерди биргелешкен ишканадан өзүнчө бөлүү каралган», — деп жазган vb.kg сайты Шакировдун айткандарын.
Ал ошондой эле кыргыз тарап экологияны коргоо үчүн жыл сайын бөлүнчү каражаттын өлчөмүн 3 млн. АКШ долларына чейин (буга чейин 310 миң доллар болгон) жогорулатуу шартын койгондугун билдирди.
«Центерранын» пресс-релизине ылайык, кендеги казуу иштеринин жаңы планы өндүрүш боюнча жаңыланган маалыматтарды, ошондой эле «Кумтөрдүн» ишине жумшалган жаңы операциялык жана капиталдык чыгымдарды «көрсөтөт». Казуу иштеринин планы акыркы жолу 2012-жылдын декабрында өзгөргөн.
Токон Мамытовдун айтымында, жаңы макулдашууга качан кол коюла тургандыгы азырынча белгисиз.
Улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам
Кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтын» «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү боюнча жаңы макулдашуунун долбоорун 2015-жылдын 1-апрелине чейин алып келиши керек болчу — канадалык «Центерра» менен бирдей үлүштөргө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү сунушталууда.
Эгер макулдашуунун долбоору 1-апрелге чейин даяр болбосо парламент «Кумтөр» ишканасы менен кенди улутташтырууга бара тургандыгын билдирген.
Сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычы менен бир эле маалда депутаттар «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап башташкан.
Документке ылайык, «Кумтөрдүн» бардык мүлкүн, анын ичинде компаниянын бардык өндүрүштүк объектилерин улутташтыруу сунушталууда. Ошондой эле мыйзамда «Кумтөрдүн» 100 пайызына ээлик кылган канадалык «Ценетрра» компаниясына компенсация төлөп берүү ыктымалдыгы жазылган.
Бирок депутаттар компенсация алтын өндүрүү маалында келтирилген экологиялык зыяндарды эске алуу менен төлөнүшү керектигин жазышкан.
Анда 300 млн. куб метр муздун «жок болгондугу», ошондой эле кендин айланасын калыбына келтирүү үчүн алдыда талап кылынчу чыгымдар белгиленген.
Анда «Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунда «карама-каршылыктар бар» экенин билдирген.
Мамытов vb.kg сайтына берген маегинде мыйзам долбоорундагы карама-каршылыктардан сырткары улутташтырууну колдоп жаткандардын эч кимиси ал процесстин «конкреттүү программасын көрсөтпөгөндүгүн» билдирген.
«[Программа] илимий жактан негизделген, экономикалык жактан эсептелген, каржы жана юридикалык жактан бекемделген болушу керек. Тактап айтканда, бул кыргыз жана эл аралык мыйзамдарды эске алуу менен мамлекетке цивилдүү улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган аракеттердин планы», — деп жазган vb.kg Мамытовдун айткандарын.
Сүйлөшүүлөр үч жылдан бери уланып келүүдө. 23-марттан 30-мартка чейинки аралыкта өткөн сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычында экологиялык мүнөздөгү маселелер талкууланышы керек болчу — Кыргызстан кен менен ага жакын жайгашкан райондордун экологиясына келтирилген зыяндар үчүн «Центерранын» компенсация төлөп беришин талап кылууда.
Депутаттардан сырткары ишкананы улутташтыруу идеясын колдогон пикирин президент Алмазбек Атамбаев дагы билдирген. Ал 2014-жылдын ноябрында кыргыз бийлиги «биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибергендигин», анткени канадалык сот башка соттук иштер боюнча Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 55 миллионунан ашыгын камакка алгандыгын билдирген.
«Мындай шартта эми биз биргелешкен ишкана да түзө албайбыз, анткени биздин акцияларыбыздын көпчүлүк бөлүгү камакка алынган. Тактап айтканда, тилекке каршы биз Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибердик», — деп билдирген анда Атамбаев.
Жаңы макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2012-жылдын күзүнөн бери уланып келе жатат.