Шаардын «Енот» интернет-басылмасы бир жыл иштеген соң жабылды. Апрель айында материалдар чыгып турат, андан кийин жаңы макалаларды чыгаруу токтотулат.

4-апрелде «Еноттун» башкы баракчасында басылманын жабыла тургандыгы жөнүндө билдирүү пайда болду. Анын автору долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Асан Ботбаев.

Басылманын жабылышы «Еноттун» негиздөөчүлөрүнүн биринин өлкөдөн кетиши менен түшүндүрүлүүдө. Макалаларды жарыялоо үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде токтойт.

«Ушул жылдын апрелинен тарта «Еноттун» редакциясы толугу менен ишмердүүлүгүн токтотот, ай сайын бөлүнүүчү каражат токтоп, эки жактуу макулдук менен биз редакциянын авторлору жана кызматкерлери менен кош айтышабыз», — деп жазган Ботбаев.

553503_288574821235556_1739788946_n-1

Бишкек жана анын жашоочулары тууралуу жазган «Енот» басылмасы өткөн жылдын январынан тарта иштеп баштаган. «Еноттун» форматы LookAtMedia тизмегиндеги басылмалардын идеялары менен (шаар жашоосу жөнүндөгү The Village, Furfur жаштар порталы жана маданият менен технологиялар жөнүндөгү LookAtMe) «Афиша» журналынын өз алдынча бөлүктөрүнүн бирин айкалыштырган.

«Енот» 2012-жылдын январынан 2013-жылдын июнуна чейин чыккан «Гедонист» журналынын мурунку кызматкерлери тарабынан негизделген.