Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов борбордогу аба ырайынын жылуу болуп жаткандыгына байланыштуу 6-апрелден баштап жылуулук берүүнү өчүрүү тууралуу буйрукка кол койду.

Мэриянын пресс-релизинде шаарда жылуулук берүүнү өчүрүп баштагандыктары жазылган.

«Суук аба ырайына байланыштуу жылуулук берүү 2015-жылдын 6-апрелине чейин уланат», – деп түшүндүрүштү шаардык администрациядан.

Буга чейин мэрия жылуулук берүү беш күн катары менен абанын күндүзгү температурасы 8 градус жылуулуктан жогору болсо токтотула тургандыгын билдирген.

«Үстүбүздөгү жылдын апрель айына болгон аба ырайынын болжолун эске алып, сырттагы күндүн жылуулугуна карап бүгүн Бишкек шаары боюнча жылуулук берүүнү өчүрүү иштери башталат», – деп түшүндүрүштү шаар бийлигинен.

Бишкекте күн 3-апрелден тарта жылып баштаган – ага чейин бир апта бою Кыргызстанда акыркы 60 жылдан берки марттын аягындагы эң суук күндөр байкалган. Анда абанын температурасы күндүз рекорддук көрсөткүчкө, 10 градус суукка чейин төмөндөгөн.

Тема боюнча: Бишкекте акыркы 60 жылдан берки марттын эң суук күндөрү байкалууда

«Бишкек жылуулук тармагынын» маалыматы боюнча, жылуулук берүү 1-апрелде өчүрүлүшү керек болчу, бирок аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам өчүрбөй туруу чечимине келишкен.