«Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамдын түзүүчүсү, депутат Нуркамил Мадалиев Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады — ал өзгөртүүлөргө ылайык, балдар «тарыхый жана маданий баалуулуктарды, улуттук каада-салттарды сыйлоого» милдеттүү болушат.

Өзгөртүүлөр мыйзам долбоору катары 25-мартта сунушталды — аларга ылайык, Үй-бүлө кодексине 65-1, «Баланын милдеттери» деген берене кошулат.

Ал үч пункттан турат, анда төмөндөгүлөр жазылган: балдардын милдеттери, бала тарабынан башка адамдардын укуктарынын бузулушуна тыюу, ата-энелердин жана балдар менен «түшүндүрүү иштерин» жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын милдеттери.

«Бала тарыхый жана маданий баалуулуктарды, улуттук каада-салттарды сактоого, баалоого жана сыйлоого, ошондой эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга милдеттүү», — деп жазылган сунушталган беренелердин биринде.

Мадалиевдин өзү негиздеме-маалымкатта Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — «балдардын руханий-адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу» экенин жазган.

«Мыйзам долбоорунун башкы максаты – балдардын руханий-адеп-ахлак, чынчылдык, патриоттуулук сапаттарын, ата-энеге сый мамиле кылуусун калыптандыруу, мамлекетти жана коомдун кызыкчылыктарын сыйлаган жарандарды тарбиялоого шарттарды түзүү», — деп жазган депутат.

Ал балдар ата-энелери сыяктуу эле милдеттерге ээ болуулары керектигин жазган.

«Балдардын милдеттерин аныктай турган норма жок. Балдар коомдун толук кандуу мүчөсү болуп эсептелинишет. Балдардын укугу – бул адамдын укугу. Демек, көпчүлүк учурларда балдар чоң кишилер ээ болгондой эле укуктарга ээ болушат. Андыктан алардын милдеттери да пайда болушу керек», — деп түшүндүрдү депутат өз логикасын.

Мадалиев эгер балага кичинесинен тарта «укуктарынан сырткары милдеттери да бар экенин» айтып түшүндүрсө, анда ал «өзүнүн коомго керек экендигин жана башка адамдарга жардам берүү жөндөмдүүлүгүн түшүнөрүн жазган.

«Балдар өз милдеттерин түшүнүү менен аларды татыктуу аткарып, башка адамдардын укуктарын сыйлаган кезде аларга да ошондой мамиле боло тургандыгын түшүнүүлөрү керек. Өз кезегинде балдардын милдеттери жөнүндөгү нормалар коңшу Түркмөнстанда, ошондой эле Латвия менен Финляндияда киргизилип, азыр иштеп жатат», — деп жазган депутат.

«Балдарды жазалай албайбыз»

Мадалиев Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбооруна ылайык, балдар «ар бир улут үчүн мүнөздүү болгон салттарды сыйлоого» милдеттүү боло тургандыктарын билдирди.

«Биз айтып жаткан нерсенин бардыгы жол коопсуздук эрежелери сыяктуу адамдардын мамилелерин, жүрүш-туруштарын көзөмөлдөбөйт. Биз киргизип жаткан нерсе — тарбиялоо максатында, педагогдор менен ата-энелерде таасир этүү рычагдары болушу үчүн. Алар балдарга укуктарынан сырткары милтеттеринин да бар экендигин түшүндүрсүн деген мааниде», — деди депутат.

«Салттардын» арасынан ал төмөндөгүлөрдү айтып берди: улуулар менен кичүүлөргө, айлана-чөйрөгө, туугандарга болгон сый, салт-санааларды сыйлоо. Мадалиев «салттарды андан ары санап берүүдөн баш тартты.

«Биз эмне кандай салттардын бар экенин санап беришибиз керекпи? Нормалдуу киши катары мыйзамды кабыл алгыла! Эмнеге ишенбестик менен душмандарча кабыл алып жатасыңар!? Интернетке кирип кыргыздардын этнографиясын окугула», — деди ал.

Анын айтымында, ала качуу — бул салт эмес: «(Ала качууну) салт деп ким айтты? Бул салт эмес. Биз көчөдө басып жүрөбүз — бул эмне салтпы?».

Депутат балдарды мыйзамды аткарбагандыктары үчүн жазалабай тургандыктарын айтты.

«Бул таасир этүү рычагы. Ата-энелер үчүн, адамды тарбиялоо үчүн: «Сен жашсың, тигинин, тигинин алдында белгилүү бир милдеттемелерге ээсиң. Сураныч, ошондой бол», дегендей. Биз эмне балдарды жазалап, айып пул төлөтүшүбүз керекпи!?» — деди депутат.