Бүгүн борбор калаадагы мамлекеттик тарых музейинин алдында “Карылар үчүн дене тарбия” флешмобуна 70ден ашуун карылар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө карылардын канындагы канттын өлчөмү жана кан басымдары текшерилди.


Флешмобду эл аралык HelpAge кайрымдуулук уюму жана Кызыл жарым ай коому уюштурган.


Саат 10до башталган иш-чара эки саатка созулду.


Кан басымдарын жана канттын өлчөмүн текшерүүдөн сырткары кары-картаңдарга дарыгерлик жардам берүүнүн жолдору көрсөтүлдү.


Флешмобдо карылар бийлеп, жөө жүрүү марафонунда өздөрүн көрсөтүштү.


Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан атайын белектер тапшырылды.



Сүрөт автордуку.
