Орусиянын «Кант» авиабазасынын офицери унаасы катуу ылдамдыкта барып бакка сүзүлгөн соң каза болду. Аны менен бирге унаанын ичинде дагы бир киши болгон, учурда ал Кант шаардык ооруканасында.

Кырсык 4-апрелге караган түнү Кант шаарынын Молодежный көчөсүндө болгон — орусиялык «Кант» авиабазасынын офицери унаасы катуу ылдамдык менен келип бакка сүзүлгөн соң каза болгон.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов Kloop.kgге берген маегинде орусиялык офицер менен бирге унаанын ичинде дагы бир киши болгондугун айтты.

«Унаанын айдоочусу кырсык болгон жерде дароо каза болгон. Анда экөө болгон. Экинчиси — 1985-жылы туулган. Ал түрдүү жарааттары менен Кант шаарынын ооруканасына кайрылган», — деди ал.

Токтосунов азырынча ал жүргүнчүнүн жарандыгы белгисиз экенин айтты.

ИИББнин басма сөз кызматынын өкүлү орусиялык аскер кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголбой тургандыгын кошумчалады.

«Офицер өлүп калды да. Кылмыш иши козголбойт. Офицердин сөөгү авиабазага берилди», — деди Токтосунов.

Кырсык тууралуу биринчилерден болуп «Твиттер» кичи блог платформасынын @Baibosov аттуу колдонуучусу билдирген — ал интернетке кырсык болгон жерде тартылга сүрөттү жайгаштырган.

«Канттагы орусиялык базанын аскер кызматкери Канттын «Молодежный» турак районунда жарыш уюштуруп, 160 чакырым саат ылдамдыкта барып бакка сүзүлдү», — деп жазган ал 5-апрелде.

Сүрөттүн автору: @Baibosov/Twitter