Өткөн аптада Чоң Чүй каналынын (БЧК) Чүй облусунун Ново-Покровка айылындагы жээгинде 30га жакын жандыктын сом эттери табылган. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, ыргытылган эттердин эшектиги экендиги аныкталды.

Эттер 3-апрелде Чоң Чүй каналынын Чүй облусунун Ново-Покровка айылындагы жээгинде табылган. Алар полиэтилен пленкасына жана мүшөктөргө оролгон, анда жалпысынан 28 сом эт болгон.

Биринчилерден болуп ал жерге Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) кызматкерлери барышып, ыргытылган эттер тууралуу милицияга кабарлашкан.

«Койдуку, уйдуку эмес. Мен муну эшектики деп ойлойм, анткени мойну узун, а алдынкы туяктары кыска экен. Булардын эшектин эти экендигине 80 пайыз ишеничтемин», — деген Талант аттуу жергиликтүү тургун КТРКга берген маегинде.

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов Kloop.kgге берген маегинде эттерди жергиликтүү тургундар тапкандыгын билдирди.

«Эттерди көмүүгө даярдап жатышат, үлгүлөрү ветеринардык кызматтын экспертизасына жөнөтүлдү. Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деди Токтосунов.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматтын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук  башкармалыгынын башчысы Иса Касымалиев Kloop.kgге берген маегинде ветеринарлар ыргытылган эттердин эшектики экендигин аныктагандыгын билдирди.

«Эттер — эшектики, кайдан алынып келингендиги белгисиз. Төртүндө эттер Беккери атайын чуңкуруна көмүлдү», — деди ал.

Эшектин этине байланышкан чатак 2015-жылдын мартынын башында, КТРКнын кабарчылары тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунда эшектерди союп, эттерин даярдаган цех табылган соң башталган. Анда журналисттер ал эттер Бишкектин коомдук тамактануу жайларына жеткирилип тургандыгын айтып, ишендиришкен.

Жооп катары цехтин ээси эттер тамактануу жайларына эмес, а чет өлкөгө, Гонконг зоопаркына жеткирилип келгендигин билдирген. Кийинчерээк Ветеринардык кызмат эттин Бишкектеги коомдук тамактануу жайларына сатылып келгендиги тууралуу маалыматты четке каккан.

Автор: Роза Ланахунова