Канттагы орусиялык авиабазанын өкүлү жол кырсыгында алардын офицери каза болгондугу тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин жергиликтүү милиция Канттын борборундагы жол кырсыгынан  базанын аскер кызматкери каза болгондугун билдирген болчу.

«Кант» авиабазасынын командиринин саясий иштер боюнча орун басары Андрей Стопкин Kloop.kgге берген маегинде анын аскер кызматкерлеринен эч кимиси «кырсыкка учурабагандыгын» айтты.

«Кырсык тууралуу силерге ким айткан билбейм, бирок силер кимдир бирөө менен алмаштырып алсаңар керек. Орусиялык авиациялык базада эч ким кырсыкка учураган жок. Бул окуя же жалган, же жөн гана алмаштырып алышкан», — деди ал.

Ал Орусиянын жаранынын катышуусундагы жол кырсыгы тууралуу уккандыгын айтып, бирок «анда аскердик база таптакыр катышпагандыгын» кошумчалады.

«Бизде баары жакшы. Андай эч нерсе болгон эмес. Силерге командирдин саясий иштер боюнча орун басары катары расмий түрдө билдирип жатам. Эгер бизде кимдир бирөө кырсыкка учураса, ал тууралуу силерге расмий түрдө билдирмекмин. Менде жашыра турган эч нерсе жок», — деди Стопкин.

Чүй облустук ИИББсинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов Kloop.kgге берген маегинде ыкчам маалымат боюнча аларга Канттын борборундагы кырсыктан орусиялык авиабазанын офицери каза болгондугун билдиришкендигин айтты.

«Ыкчам маалымат боюнча каза болгон адам Канттагы орусиялык авиабазанын офицери болуп эсептелет деп жазылды. Мүмкүн алар (авиабаза) ашыкча көйгөйдү каалашпагандыр [ошондуктан четке кагып жатышат]», — деди ал.

Кырсык 4-апрелге караган түнү Канттын борборунда болгон — анда автоунаа катуу ылдамдыкта келип бакка сүзүлгөн.

Жергиликтүү милициянын билдирүүсү боюнча, айдоочу орусиялык авиабазанын офицери болгон жана кырсыктан кийин ошол жерде эле дароо көз жумган, жүргүнчүсү Кант шаардык ооруканасына жаткырылган.

Оорукананын кабыл алуу бөлүмүнөн Kloop.kgге жаракат алган адам — Орусиянын жараны Дмитрий Сайнейко — «нормалдуу абалда» экендигин билдиришти.

«Ал калтаарган абалда келип түштү, оор жаракаттары болгон эмес, моюну гана ооруп жаткан. Учурда ал нормалдуу абалда», — деди медицина кызматкери.

Жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголбойт, а офицердин сөөгүн авиабазага беришет, деп билдиришкен буга чейин Чүй облустук ИИББсинен.

Кырсык тууралуу биринчилерден болуп «Твиттер» кичи блог платформасынын @Baibosov аттуу колдонуучусу билдирип, интернетке кырсык болгон жерде тартылга сүрөттү жайгаштырган.

«Канттагы орусиялык базанын аскер кызматкери Канттын «Молодежный» турак районунда жарыш уюштуруп, 160 чакырым саат ылдамдыкта барып бакка сүзүлдү», — деп жазган ал 5-апрелде.