Курманбек Бакиев бийликтен кеткенге чейин 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген. Интернеке кирүүдө дээрлик өлкөнүн бардык колдонуучуларында кечке чейин көйгөйлөр болуп турган. «Твиттер» кичи блогдор сервиси көп эмес маалымат алмашуу ресурстарынын бири болгон, бирок ал жакта да билдирүүлөр кыйындык менен жарыяланып турган. Kloop.kg ал күнү «Твиттердин» колдонуучулары тарабынан жарыяланган билдирүүлөрдүн бардыгын бир материалга топтоду. Билдирүүлөр 7-апрель күнү эртең менентен тарта түнгө чейин хронологиялык тартипте жайгаштырылды.