2010-жылдагы революциянын катышуучулары, жаракат алгандар менен каза болгондордун туугандары жана жогорку кызматтагы чиновниктер Кыргызстанда бийлик алмашканынын беш жылдыгынын урматына «Ала-Тоо» аянтында эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүлгөн кагылышуулардын жүрүшүндө каза болгондорду эскерүү үчүн Апрель революциясынын баатырларынын мемориалынын алдына бир нече жүздөгөн киши чогулду. Чогулгандар каза болгондорго арнап куран окуп, эстеликке гүл коюшту.

Иш-чараны президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен түз видеоэфир аркылуу кайрылуусу менен ачты. Өз сөзүндө ал «бардыгы салыштырганда билине тургандыгын» жана «чоң нерсе аралыктан эле көрүнөөрүн» айтты.

«Балким биз бир гана жактан Украинанын жаңы бийлигинин жолу менен кетишибиз керек болгондур. Люстрация жүргүзүп, беш жыл бою уялбастан 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды каралап, качкын президент менен анын үй-бүлөсүн актап, аларга кызмат кылып жаткандарды өлкөдөн кууп чыгуу керек болчу», — деди ал.

Видео: Бишкектиктер 2010-жылдагы революциянын жыйынтыктары тууралуу

Акция маалында аянттын бир бөлүгү коопсуздукту камсыз кылып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан курчалып турду.

«Коомдун коопсуздугун камсыз кылууга укук коргоо органдарынын миңге жакын кызматкерлери катышып жатышат», — деп билдиришти Kloop.kgге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Митингден кийин иш-чаранын катышуучулары 2010-жылдагы революцияда каза болгондор көмүлгөн «Ата-Бейит» мемориалын көздөй кетишти.

Кыргызстанда бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде, Бишкектин борборундагы кан төгүлгөн кагылышуулардан кийин алмашкан. 80ден ашык киши курман болгон башаламандыктардын жыйынтыгында, президент Курманбек Бакиев бийликтен кеткен.