Эгер парламент алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасын улутташтырууну баштаса премьер-министр Жоомарт Оторбаев отставкага кетет. Анын кетиши автоматтык түрдө министрлер кабинетинин отставкасына алып барат.

Оторбаев мындай кескин талапты парламенттин отун-энергетикалык саясат боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында коюп, эртеси депутаттык жыйында аны дагы бир жолу кайталады.

Ал кызмат ордун «Кумтөр» маселесин чече турган башка каалаган адамга сунуштоого даяр экенин билдирди. «Кумтөр» канадалык «Центерра» компаниясы ээлик кылган алтын өндүрүүчү ишкана. Өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» 33 пайыз акциясына ээ.

«Менин принципиалдуу өңүтүм — мен улутташтырууга каршымын. Эгер башка кимдир бирөө «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү маселесин чечүү программасын сунуштаса, анда мен отставкага кетүүгө даярмын, бул көйгөйдү ошол киши чечсин. Эгер парламент улутташтыруу процессин баштай турган болсо, анда мен отставкага кетем», — деди Оторбаев парламенттин 8-апрелдеги жыйынында.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси боюнча комитети өкмөттүн «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү жана биргелешкен ишкана түзүү боюнча жаңы макулдашууну даярдоо боюнча ишин «канааттандыраарлык» деп тапкан.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев канадалык «Центерра Голд» менен тараптардын укуктары бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан үчүн «пайдасыз» экенин айтып, ишкананы улутташтыруу боюнча депутаттардын демилгесин сынга алды.

«Алтын кенин улутташтырууга болбойт. Аны улутташтырганда бардык жоопкерчилик бизге жүктөлөт. Учурда адистер кендин анча жакшы эмес абалда экендигине ынанып жатышат», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Оторбаевдин айткандарын.

Өкмөт биргелешкен ишкана түзүү боюнча жаңы макулдашууну 2015-жылдын мартынын аягына чейин даярдашы керек болчу — депутаттар эгер тараптар макулдашууга келе албаса «Кумтөрдү» улутташтыруу процессин баштай тургандыктарын айтып министрлер кабинетине эскертүү берген.

«Кумтөрдүн» улутташтырылуу ыктымалдыгы

Өкмөттүн биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрү менен катар депутаттар «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап башташкан.

Документке ылайык, «Кумтөрдүн» бардык мүлкүн, анын ичинде компаниянын өндүрүштүк объектилерин да улутташтыруу сунушталууда. Ошондой эле мыйзамда «Кумтөрдүн» 100 пайызына ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясына компенсация төлөп берүү ыктымалдыгы  жазылган.

Бирок депутаттар компенсация алтын өндүрүү маалында келтирилген экологиялык зыяндарды эске алуу менен төлөнүшү керектигин жазышкан.

Анда 300 млн. куб метр муздун «жок болгондугу», ошондой эле кендин айланасын калыбына келтирүү үчүн алдыда талап кылынчу чыгымдар белгиленген.

Анда «Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунда «карама-каршылыктар бар» экенин билдирген.

Мамытов vb.kg сайтына берген маегинде мыйзам долбоорундагы карама-каршылыктардан сырткары улутташтырууну колдоп жаткандардын эч кимиси ал процесстин «конкреттүү программасын көрсөтпөгөндүгүн» айткан.

«[Программа] илимий жактан негизделген, экономикалык жактан эсептелген, каржы жана юридикалык жактан бекемделген болушу керек. Тактап айтканда, бул кыргыз жана эл аралык мыйзамдарды эске алуу менен мамлекетке цивилдүү улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган аракеттердин планы», — деп жазган vb.kg Мамытовдун айткандарын.

Сүйлөшүүлөр үч жылдан бери уланып келүүдө. 23-марттан 30-мартка чейинки аралыкта өткөн сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычында экологиялык мүнөздөгү маселелер талкууланышы керек болчу — Кыргызстан кен менен ага жакын жайгашкан райондордун экологиясына келтирилген зыяндар үчүн «Центерранын» компенсация төлөп беришин талап кылууда.

Депутаттардан сырткары ишкананы улутташтыруу идеясын колдогон пикирин президент Алмазбек Атамбаев дагы билдирген. Ал 2014-жылдын ноябрында кыргыз бийлиги «биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибергендигин», анткени канадалык сот башка соттук иштер боюнча Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 55 миллионунан ашыгын камакка алгандыгын айткан.

«Мындай шартта эми биз биргелешкен ишкана да түзө албайбыз, анткени биздин акцияларыбыздын көпчүлүк бөлүгү камакка алынган. Тактап айтканда, тилекке каршы биз Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибердик», — деп билдирген анда Атамбаев.

Жаңы макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2012-жылдын күзүнөн бери уланып келе жатат.