«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдагы карама-каршылыктар КТРКнын «Ой Ордо» берүүсүндө кызуу талкуу жаратты. Жарандык коомдун өкүлдөрү документ Конституциядагы беренелерди буза тургандыгын жана анда «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгү түшүндүрүлбөгөндүгүн айтышты.

«Ой Ордо» берүүсү 8-апрель күнү кечинде түз эфирде көрсөтүлдү. «Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздөөчүсү, депутат Нуркамил Мадалиев менен жарандык коом өкүлдөрү «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүнө эмнелер кире тургандыгы боюнча талкуу жүргүзүштү.

Мыйзам долбооруна ылайык, бийлик «саясий ишмердүүлүккө» катышкан жана чет өлкөдөн каржыланган бардык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт. Бирок документе «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүнө так аныктама берилген эмес.

Мадалиев «саясий ишмердүүлүктү» бир гана аныктама менен түшүндүрүп айтып берүү «мүмкүн эмес» экенин билдирди.

«Бул философиялык, саясий түшүнүк. Аны бир мыйзам долбоорунун алкагында жазып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бирок биздин мыйзам долбоордун айырмалап турчу өзгөчө чеги бул биз саясий ишмердүүлүктүн мыйзам долбооруна карата түшүнүгүн бергенибизде — бул коммерциялык эмес уюмдардын коомдун саясий жашоосуна катышуусу», — деди ал.

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүнө коммерциялык эмес уюмдардын каалаган аракеттери кирип калышы мүмкүндүгүн айтты.

«Мисалы, биз коммерциялык эмес уюм болуп эсептелели, илбирсти куткарып жаталы дейли, анан эгер биз кошулган баасына алынчу салыктын жогорулашына каршы болсок анда аны да саясий ишмердүүлүккө киргизүүгө болот. Бирок чынында ал коммерциялык эмес уюмдардын жарандык позициясы гана», — деди ал.

Стратегиялык өнүгүү боюнча эксперт Эркин Жаманбаев мыйзам долбоору Конституцияга каршы келээрин кошумчалады. Айтымында, ал бийликтин көңүлүнө жакпаган коммерциялык эмес уюмдарды тандап, алардан арылууга мүмкүнчүлүк түзөт жана Юстиция министрлигинин кызматкерлерине аны ишке ашыруу оор болот.

«Коммерциялык эмес уюмдар тармагында 150 миң киши иштейт. Бул мыйзам менен пайдаланып, кимдир бирөөнүн көңүлүнө жакпаган каалаган уюмду саясий ишмердүүлүк менен алектенип жатат деп айыптоого болот, анткени бул түшүнүк так аныкталган эмес», — деди ал.

Депутат Дастан Бекешев мыйзамдарда «философия» эмес, а так аныкталган нормалар жазылышы керектигин айтты.

«Эгер философияны жазуу керек болсо, анда трактаттарды жазуу керек. Мыйзам тууралуу айтсам, аны көп маанилүү демекмин. Эгер бейөкмөт уюмдарды мамлекет өзү каржыласа мыйзамды колдомокмун. Эгер анда чет өлкөлүк уюмдардын өкмөткө каршы, мамлекеттик органдарга каршы митингдерди каржылоосуна тыюу салынат деп так жазылса колдомокмун», — деди ал.

Ал «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүн ар кандай түшүнсө болорун кошумчалады — депутат мисал катары мыйзамдын тарапташы Жеңиш Молдокматов жетектеген «Калыс» кыймылын келтирди.

«Жеңиш, мына силердин банкта эсебиңер бар болсо керек. Эртең мен досторумдун бирөөсүн акча алмаштыруу жайынан силерге бир доллар которуп кой деп өтүнөм. Банк эсепти кабыл алып, долларды которот. Бүттү, анан силер ошентип чет элдик агент болуп каласыңар», — деди Бекешев.

Молдокматов коммерциялык эмес уюмдар Кыргызстанда демократиянын калыптанышына жардам бергендигин айтып, бирок алардын эмнеге каржы документтерин жарыялабай жаткандыктары тууралуу суроо салды.

«Бир жылдын ичинде «Шериктеш» 111 млн. сом алды. Бул аз акча эмес. Силер ал акчалар качкындарга кеткендигин айттыңар. А ал тууралуу эл эмнеге билбейт? Эмнеге жарыялабай элесиңер? Алар ачыктуулукту талап кылып жатышат, бирок өзүлөрү жарыялашпайт», — деди ал.

«Жарандык катышуу» коомдук фонддун төрайымы Эркина Убушева мыйзам долбоорунун юридикалык сапаты «өтө төмөн» экенин айтты.

«Биз 30 мүнөттөн бери саясий ишмердүүлүктүн эмне экендигин талкуулап жатабыз. А аны Юстиция министри өз ишмердүүлүгүндө кантип аныктайт? Мына сиз депутат катары бул саясий ишмердүүлүк, бул андай эмес деп айтууга аракет кылып жатасыз», — деди ал.

Убушева бардык юридикалык жактар сыяктуу эле коммерциялык эмес уюмдар дагы Салык кызматына, Социалдык фондко каржы отчетторун тапшыра тургандыктарын кошумчалады.

«Чет элдик агенттер»

Кыргыз парламентинин депутаттары «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун экинчи версиясын карап жатышат. Мыйзам долбоорунун биринчи версиясы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 2013-жылы каралып, кабыл алынган. Бирок анда президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тарткан.

Мыйзам 2012-жылы ушундай эле аталышта Орусияда кабыл алынган мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет. Документке ылайык, бийлик чет өлкөдөн каржыланган жана «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген бардык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт.

Андан сырткары мыйзам коммерциялык эмес уюмдарды каржы жана өз ишмердүүлүктөрү тууралуу Юстиция министрлигине отчет берип турууга милдеттендирет. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген маегинде «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамды колдоо пикирин билдирген.

Атамбаев адамдардын коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн артында «кимдердин тураарын билүүлөрү үчүн» алар  «ачык», «отчет берме» болуулары керектигин айткан. Ал мыйзамды «улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы» үчүн зарыл деп эсептейт.

«Өлкө үчүн, жарандар үчүн иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар, ошол эле маалда кимдир бирөөнүн конкреттүү саясий буйрутмаларын аткарып жаткан уюмдар да бар. Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк, ар бир чоң өлкө, өзгөчө геосаясаттын киттеринин Кыргызстанда өз кызыкчылыктары бар, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн биз ал кызыкчылыктарды көзөмөлдөшүбүз керек», — деп билдирген президент.

Атамбаев «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алаары же ага вето коеру тууралуу берилген суроого түз жооп берген эмес. Ал бардыгы тең долбоордун парламенттен кандай түрдө келээрине жараша болорун айткан.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Турсунбай Бакир уулу Kloop.kgге берген 5-декабрдагы маегинде «чет элдик агент» аныктамасына Юстиция министрлигинде катталган 24 миң уюмдун 20-30у гана туура келе тургандыгын билдирген.