Европа парламентинин делегациясынын төрагасы Ивета Григуле «гейлерге каршы» мыйзам долбоору боюнча резолюция «сунуш кылуу мүнөзүнө ээ болгондугун» жана мыйзамдын кабыл алынышы Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерге таасир этпей тургандыгын билдирди.

Григуле резолюция Кыргызстанда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун айланасында талкуулардын башталышы үчүн кабыл алынгандыгын билдирди.

«Бир нече ай мурун Европарламент декларация кабыл алган, бирок ал көбүнчө сунуш кылуу мүнөзүндө болгон. Биз силердин парламент учурда ал мыйзам долбоорун карап жатканын билебиз. Коомчулук, мамлекеттик эмес уюмдар менен талкуулар болуп, түшүндүрүү иштери жүрүп, калктын түрдүү топторунун пикирлери угулуп жатканын билебиз», — деди ал.

Григуле кыргыз парламенти кандай мыйзам кабыл алуу керектигин өзү чечээрин жана «гейлерге каршы» мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстан менен Евробиримдиктин мамилелерине таасир этпей тургандыгын белгиледи.

Европарламенттин депутаттары 2015-жылдын январында «мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ыктымылдыгына байланыштуу тынчсыздануулары» жазылган резолюция кабыл алып, ал Кыргызстан менен ЕБдин «мамилелерине таасир этиши мүмкүндүгүн» билдиришкен.

«Албетте [Кыргызстан менен Европа биримдигинин мамилелери үчүн] кесепеттери болбойт. Евробиримдик кесиптештери жана башка өлкөлөр менен мамилелерин өтө прагматисттик базада курат. Мен силердин өлкө да ЕБ сыяктуу көп вектордуу сырткы саясатты ишке ашырат деп ойлойм», — деп билдирди Григуле.

Ал Кыргызстан «өркүндөп өсүп, алга жылып, жашоо жакшырып, адамдардын эркиндиги көбөйүп жатат» жана Евробиримдик мындан ары да өлкөнүн өнүгүшүн колдойт деп эсептейт.

Европарламенттин резолюциясы

Европалык депутаттар резолюцияны 2015-жылдын январынын аягында кабыл алып, кыргыз кесиптештерине «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун чакырып алуу сунушун айтышкан.

«Европалык парламенттин мүчөлөрү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ыктымалдыгына тынчсызданып жаткандыгын билдирүү менен аны чакырып алууга чакырышат. Алар сексуалдык ориентация менен гендердик иденттүүлүктүн эл аралык укук тарабынан кепилденген жеке жашоонун кол тийбестигине болгон адам укуктары тармагындагы маселе болуп саналарын бир нече жолу билдиришкен», — деп жазылган билдирүүдө.

Анда алар ЛГБТ-коомчулугунун укуктарын басмырлаган мыйзам долбоорлорун кабыл алган өлкөлөрдүн бардыгы тең «тез аранын ичинде гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону токтотушу керектигин» билдиришкен.

Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери аны «Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү» деп атап, документти парламенттин кароосунан чакырып албай тургандыктарын билдиришкен.

«Батыш Европага өз бейөкмөт уюмдары аркылуу кыргыз коомчулугун бузуп жаткандыгы аз келгенсип эми биздин өлкөнүн ички иштерине түздөн-түз кийлигише баштадыбы?!» — деп билдирген мыйзам долбоорун активдүү колдоп жаткан депутаттардын бири Турсунбай Бакир уулу.

Учурда документ парламенттин экинчи окуусунда.

«Бир жыныстуу мамилелер»

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген.

Демилгечилер бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» түшүнүгүнө так аныктама бере албай келишкен. 2015-жылдын февралында гана авторлор мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишип, анда аталган түшүнүктү «бир жыныстагы адамдардын сексуалдык катнашка баруусу» деп түшүнө тургандыктарын жазышкан.

Укук коргоо тармагындагылар мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап келишет.

Январдын аягында мыйзам долбоору Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан да каралган — кеңешке мүчө өлкөлөр кыргыз депутаттарына документти кароодон чакырып алуу сунушун айтышкан.

2014-жылдын октябрында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ыктымалдыгы боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин пикирлеринде, мыйзам «адам укуктары, демократиялык жетишкендиктер жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунуч жаратат».

«Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Жооп катары кыргыз парламентинин басма сөз кызматы мыйзам долбоорунун нормалары Кыргызстандын Конституциясына жооп бере тургандыгын жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбастыгын билдирген.

Мыйзам долбоорун чакырып алуу боюнча сунуштар БУУнун Кыргызстандагы миссиясы жана эл аралык  «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюму тарабынан да айтылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев алгач мыйзам долбоорун көрүшү керектигин, андан соң гана кол коюу-койбоо боюнча чечим кабыл ала тургандыгын билдирген.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев менен Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц.