Кытайдын Каржы министрлиги Кыргызстан Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкынын (ИИАБ) түзүүчүлөрүнүн бири боло тургандыгын билдирди. ИИАБдын түзүүчү-өлкөлөрү Кыргызстандан сырткары Мальтанын банкты түзүүгө катышуусун жактырышты.

Кыргызстан банктын түзүүчүлөрүнүн бири катары 9-апрелде бекитилди.

Кытайдын мамлекеттик China.org маалымат агенттиги Кыргызстан менен Мальта кошулгандан кийин Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкынын түзүүчүлөрүн саны 37ге жеткендигин жазды. Банкты түзүүгө катышууга талапкер катары дагы 21 мамлекет бар.

«Мальта менен Кыргызстан ИИАБдын түзүүчү-өлкөлөрү катары бекитилди», — деп жазган China.org Кытайдын Каржы министрлигинин билдирүүсүн.

Кытайдын Каржы министрлиги өлкөлөр банктын потенциалдуу түзүүчүлөрү болушу үчүн бардык керектүү жол-жоболор 15-апрелде аяктай тургандыгын жазган.

Кыргызстан Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкынын түзүүчүлөрүнүн бири болуу каалоосу тууралуу 2015-жылдын 24-мартында билдирген— өкмөт менен долбоорго катышкан өлкөлөр өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкы — 2013-жылдын октябрында Кытай тарабынан түзүү сунушталган эл аралык каржы институту.

Расмий маалыматтар боюнча, ИИАБды түзүүгө азыр 30 өлкө кошулган. Алардын арасында Орусия, Улуу Британия, Сингапур, Малайзия, Индия, Швейцария, ошондой эле Кыргызстандын коңшулары — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар.

ИИАБдин баштапкы капиталы — 50 миллиард доллар, анын көпчүлүк бөлүгүн Кытай көтөрөт.

Банк Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюталар коруна альтернатива катары кабыл алынууда. АКШ, Жапония жана Европанын бир катар өлкөлөрү ИИАБны түзүүгө катышуудан баш тартышкан.

Кытайдын каржы министри Лоу Цзивей 2014-жылдын апрелинде ИИАБдын ишмердүүлүгү Азиядагы инфраструктуралык курулуштарга багыттала тургандыгын билдирген.

«Банк мамлекеттер аралык уюмга караганда коммерциялык уюмга жакыныраак болот», — деп билдирген анда Цзивей.

Банкты түзүүнү 2015-жылдын аягына карата аяктоо пландалууда.

Сүрөттө: Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытай лидери Си Цзиньпинь.