Ички иштер министрлиги Ошто таасирдүү оппозиционерлердин сабалып, уурдалгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты. Алардын маалыматтары боюнча, оппозиция өкүлдөрү ооруканаларга кайрылышкан эмес.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев жабыр тарткандардан оппозиционерлер үйүнө чогулган Ош облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын мурунку башчысы Абдылда Капаровдун кызы гана ооруканага кайрылгандыгын айтты.

Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) башчысы Кубанычбек Кадыров менен Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов 9-апрель күнү кечинде Капаровдун үйүнө кол салуу болгондон кийин жоголуп кетишкен.

Анда алардын Бишкектеги пикирлештери Кадыров менен Асановду сабап, уурдап кетишкен болушу мүмкүн деп шектенишкен.

Милиция бул маалыматтарды расмий түрдө четке какты.

«Ооруканага Капаровдун жакын тууганы гана кайрылган, ал анын кызы. Биздин маалыматтар боюнча, ал неврология бөлүмүнө кайрылган. Медицина кызматкерлери аны карап чыккандан кийин үйүнө кое беришкен. Башка кайрылуу жана сабалган фактылар катталган эмес», — деди Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

ИИМдин өкүлү оппозиционерлер маалымат каражаттарына жалган маалыматтарды таратып жатышат деп эсептейт. Ал ИИМдин маалыматы боюнча, кол салгандардын саны 15ке жакын болгондугун айтты.

Ош ИИБсинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге оппозиционерлерди сабаган-сабабагандыктарын билбестигин айтты. Анын маалыматтары боюнча, учурда Асанов дагы, Кадыров дагы Жалал-Абад облусунда.

«Азыр алардын баары тең Бектур Асановдун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйүндө. Аларды эч ким деле уурдап кеткен жок, өзүлөрү ошентип айтып жатышат», — деди Сыдыков.

«Уурдап кетүү болгон жок, кол салуу болду»

Кубанычбек Кадыров Kloop.kgге берген маегинде «50 чамалуу бала» кирип келген маалда алар Капаровдун үйүндө 12-апрелде Жалал-Абадга белгиленген оппозициянын курултайын талкуулап жаткандыктарын билдирди.

Оппозиционер кол салгандар өздөрүн «өтө агрессивдүү» алып жүрүшүп, анын өнөктөштөрү — Төлөгөн Келдибаев менен Улугбек Маматбаевди сабап жибергендиктерин билдирди.

«Мен аларга: «Силер өтө мыйзамсыз аракеттерге барып жатасыңар, силерге карата мыйзам боюнча өтө катаал чаралар көрүлөт» дедим. Анан алар 2-3 мүнөткө тынчып калышты», — деди Кадыров.

Кадыров кол салгандар аларды «уруп, тээп, кийимдерин жырткандыктарын», андан соң милиция бөлүмү тарапка кое бергендиктерин айтты. Ал кол салуунун артында жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери турушу мүмкүн деп эсептейт.

«Аларды көчөдө кимдир бирөө башкарып баштады, аларды УКМКнын, ИИМдин жана ИИББнин кызматкерлери башкарышты. Муну эмнеге айтып жатам? Анда онго жакын жеңил унаа болгон. Анда ыкчам топтун кызматкерлери болушкан», — деди ал.

Оппозиционердин айтымында, аларга Капаровдун үйүнөн такси менен кетип, андан соң изине түшүү ыктымалдыгынан чочулап үч жолу унаа алмаштырууга туура келген.

«ИИБдин жанында такси токтоочу жай бар, ал жактан 3-4 унаа менен жанагыл бандиттер артыбызга түштү. Бирок мен алардан кантип кетип калууну билем да. Анан мен ыкчам комбинацияны аткардым, анан үч такси алмаштырып Жалал-Абадга келдик», — деди ал.

Оппозиционерлерге кол салуу 12-апрелде Жалал-Абадда өткөрүү пландалган курултайдын алдында болду. Бийликти сындагандардын өзүлөрү кол салууга президент Алмазбек Атамбаев менен парламенттик коалициянын лидерлерин айыптап жатышат.

Кадыров бийлик отставкага кетмейинче курултай мөөнөтсүз болушу мүмкүндүгүн убадалады. Азырынча анын айткандары боюнча расмий органдар эч кандай түшүндүрмө беришкен жок.

Сүрөттө: Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров.