Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) башчысы Кубанычбек Кадыров менен Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов белгисиз адамдар тарабынан Ошто сабалышты. Бул тууралуу алардын өнөктөштөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришүүдө.

Кол салуу 10-апрелге караган түнү Ош шаарында болгон.

Кадыров менен Асанов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Абдылда Капаровдун үйүндө конокто отурушкан маалда 100гө жакын киши кирип барып, оппозиционерлерди сабап, аларды белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде оппозиционерлердин өнөктөшү Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын арасында УОКтун дагы бир мүчөсү Төлөгөн Келдибаев да болгон — учурда ал милицияда арыз жазууда.

УОК боюнча тарапташтары алгач Асанов менен Кадыровду уурдап кеткен болуулары мүмкүн деп божомолдоп жатышкан.

Кийинчерээк Кадыровдун өзү «Азаттык» радиосуна берген маегинде адам уурдоо фактысын четке кагып, Асанов менен бирге түн ичинде Жалал-Абадга кетүүгө мажбур болгондуктарын айткан.

Кадыровдун айтымында, түнкү кол салуу маалында белгисиз адамдар аны үйүнөн «сүйрөп чыгышып»: «Жашагыңар келсе — кетип калгыла», деп коркутушкан.

«Өмүрүбүздү сактап калуу үчүн мен, Бектур Асанов жана Улукбек Маматаев түндө Жалал-Абаддан чыгып кеттик. Жолдо үч такси алмаштырдык», — деп жазган «Азаттык» радиосу Кадыровдун айткандарын.

Кадыров кол салууну УОК 11-апрелде Жалал-Абадда өткөрө турган оппозициянын курултайы менен байланыштырды.

Төлөгөн Келдибаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон кыска маектешүүсүндө аны сабагандыктарын жана учурда ооруканада экенин айтты. Бирок окуянын башка чоо-жайын билдирген жок.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Келдибаевдин сабалышын «бейбаштык» деп аташты, а Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнө кол салуу боюнча эч нерсе айта алышкан жок.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан оппозиционерлердин сабалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышып, кылмыш иши козголбогондугун билдиришти.

Ош ШИИБсинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, оппозиционерлер Бектур Асановдун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйүндө.

«Изине түшүү»

УОКтун башка мүчөсү Шекербек Камчыбек уулу Kloop.kgге берген маегинде Жалал-Абаддагы курултай боюнча сүйлөшүү үчүн Асанов жана Кадыров менен кол салуудан бир күн мурун жолуккандыгын айтты. Анда оппозиционерлер алардын изине түшкөн бирөөлөр бар экенин айтышкан.

«Асанов менен Кадыровдун артынан түшүп, аңдып жүрүшкөн. Бирок кайсыл күчтөр экенин мен билбейм. Аларды Жалал-Абадда куугунтуктап, Таш-Көмүрдө тосуп алышкан. Алар менен бүгүн дагы байланыштык, номуру жок унаа изине  түшүп, аңдып жүргөндүгүн айтышты», — деди Камчыбек уулу.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мурунку башчысы, парламент депутаты Равшан Жээнбеков өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу кол салууну «бандиттик кол салуу» деп атады. Ал аны бийлик уюштурган болушу мүмкүн жеп шектенүүдө.

«Балким Кадыров менен Асанов кимдир бирөөнө жакпайт, балким жаман адамдардыр. Бирок алар бийлик менен Оштун укук коргоо органдары уюштурган спортчулар тарабынан сабалууга таптакыр татыктуу эмес болчу. Бул бийлик эмес, а бандиттердин бийлиги», — деп жазган ал.

Сүрөттө: Жалал-Абад облусунун мурунку гебернатору Бектур Асанов.