«Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун жактоочуларынын атайын кызматтагылар тарабынан алынган кылмыш иштери боюнча документтери прокуратура тарабынан текшерилет, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы. Буга чейин юристтер тинтүү маалында алынган жабдуулар менен документтерди кайтарып берүүнү талап кылышкан. Айтымдарында, атайын кызматтагылар «жактоочулук сырды бузуп жатышат».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) пресс-релизинде атайын кызматтын башчысы Бусурманкул Табалдиевдин тапшырмасы менен кылмыш иштеринин алынган документтери прокурорлорго өткөрүлүп берилгендиги жазылган.

27-марттагы тинтүү иштеринин жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери тарабынан «Бир дүйнө» уюмунун укук коргоочулары Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитовдун кылмыш иштери боюнча документтер салынган папкалары менен жабдуулары алынган.

«Тинтүү иштеринин жүрүшүндө алынган бардык буюмдар, далилдер жана кылмыш иштеринин документтери […] көзөмөл тартибинде текшерүү үчүн Ош облустук прокуратурасына жөнөтүлдү», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Салиев менен Вахитовдун үйлөрүндө, ошондой эле «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө иштеп жаткан ноутбуктар жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдары алынган.

Жактоочулар ал тинтүү иштерин «жактоочунун кол тийбестиги» менен көз карандысыз жактоочулук ишмердүүлүктү бузуу деп аташкан. Айтымдарында, жактоочулардын үйлөрүндө аларга карата кылмыш иши козголгондон кийин гана тинтүү жүргүзүүгө мүмкүн.

Салиев менен Вахитовдун өзүлөрүнүн айтымдарында, аларга карата эч кандай айыптоолор тагылган эмес, а тинтүү иштери «экстремизмге» айыпталып жаткан америкалык журналист Умар Фарукка каршы козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн.

УКМК Фарук «экстремизмге» шектелип жаткандыгын билдирди. Кармоо маалында анын жанынан «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдары табылган.

Вахитов менен Салиев УКМКдан жабдууларын жана жактоочулар иштеп жаткан кылмыш иштери боюнча документтерди кайтарып берүүнү талап кылышкан. Мекеме алынган буюмдарды кайтарып берүүдөн баш тартышып, тинтүү иштери «мыйзамдуу» болгондугун билдирип келишет.

«[…] В.А.Вахитов менен Х.К.Салиевдин жашаган даректери боюнча тинтүү иштери мыйзамдуу жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлеринин бардык аракеттери Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык укук ченемдүү болгон», — деп ишендирүүдө мекеменин басма сөз кызматы.

УКМК юристтер Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйлөрүн тинтүүгө Ош шаардык сотунун чечими боюнча уруксат берилгендигин билдирген.

Атайын кызматтагылар жактоочулардын үйлөрүнөн «диний мазмундагы материалдар» табылгандыгын айтышты.

Тинтүү иштери жүргүзүлгөн күндүн эртеси Кыргызстандын Жактоочулар кеңеши Башкы прокуратурага доо арыз менен кайрылып, тинтүүлөрдү «мыйзамсыз» деп атап, көзөмөлдөө органынан атайын кызматтын кызматкерлерине карата «катуу» чараларды көрүүнү талап кылган.

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, Умар Фарук түштүк борборго 15-16-мартта келип, 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыш, ошондой эле Сирияга согушка кетип жаткан адамдар тууралуу макалалар үчүн маалымат топтоо менен алектенип жүргөн.

Фарук штаттан сырткаркы кабарчы болуп эсептелет жана «Уолл Стрит Джорнал», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Аль-Джазира» сыяктуу америкалык жана эл аралык басылмалар үчүн макалаларды жазат.

Фаруктун өзү Кыргызстандан 29-мартта депортацияланган.

«Коркунучтуу» прецедент

«Бир Дүйнөнүн» башчысы Төлөйкан Исмаилова Вахитов менен Салиевдин үйлөрүндөгү жана уюмдун Оштогу кеңсесиндеги тинтүү иштерин «адилеттүү юристтерге кол салуу» деп атаган.

«Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиев биздин кесиптештер, юристтер менен көп иштешишкен. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда тигил же бул материалдарды экстремисттик деп корутунду чыгара турган институт жок. Эмнегедир УКМК адамдардан кандайдыр бир китептерди, баракчаларды таап, аларды экстремисттик мүнөзгө ээ деп эсептешип, аны экстремизмге каршы күрөш деп келишет», – деп билдирген ал.

Исмаилова «дагы деле жабык бойдон калып жаткан» атайын кызматтагылар тарабынан жасалып жаткан басымга кабатырланып жатканын кошумчалаган.

Жактоочулар кеңешинин мүчөсү Нурбек Токтакунов жактоочулардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү менен УКМК «жакшы эмес прецедент» түзүп, «жактоочулардын кол тийбестиги» менен «жактоочулук ишмердүүлүктүн көз карандысыздыгын» бузгандыгын билдирген.

«Алар жөн гана өзүлөрүнүн жеке ич ара чатактары боюнча өч алууга келишти. Биригүүгө мезгил келди. Эгер бүгүн бизди тинтип башташса, анда эртең камап, кыйноого алып башташат, кеч боло электе бардык жактоочулар биригиши керек», – деген Токтакунов.

Сүрөттө: УКМКнын кызматкерлеринин тинтүүсүнөн кийинки «Бир дүйнөнүн» кеңсеси