Бишкектин «Дордой» футболдук клубу өз оюн талаасында «КейДжи Юнайтед» (мурдагы «Манас») командасын 6:1 эсебинде утту.

Беттеште биринчи топту «Дордойдун» чабуулчусу Мирлан Мурзаев киргизди — ал бишкектиктердин жарым коргоочусу Ислам Шамшиевдин көтөрүп берүүсүнөн кийин топту башы менен дарбазаны көздөй таамай туштады.

Жети мүнөттөн соң «дордойчулардын» чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев талаа ээлеринин артыкчылыгын дагы бир топко арттырды. Мирзалиев топту беш метр аралыктан узатып, «КейДжи Юнайтеддин» дарбазачысы Искендер Тимур уулуна эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок.

Беттештин 32-мүнөтүндө Азиз Сыдыков эсепти 3:0гө жеткирди — анын алыскы аралыктан коноктордун дарбазасына узаткан соккусу таамай болуп чыкты.

Алты мүнөттөн кийин «Дордойдун» коргоочусу Курсанбек Шератов экинчи кабаттагы күрөштө баарынан күчтүү болуп чыгып, Азиз Сыдыковдун бурчтан көтөрүп берген тобун дарбазага таамай туштады.

Оюндун 41-мүнөтүндө «КейДжи Юнайтеддин» коргоочусу Жанар Жаныбек уулу командасы үчүн биринчи жана жалгыз топту киргизди — бурчтан көтөрүп берүүдөн кийин ал дарбазанын дал ортосуна катуу сокку узатты. Эсеп бишкектиктердин пайдасына 4:1.

Беттештин экинчи жарым бөлүгүндө «Дордой» артыкчылыгын дагы эки топко арттырды.

Бишкектиктердин алмашууга чыккан чабуулчусу Калимулла 11 мүнөттүн ичинде (75чи жана 86-мүнөттө) эки гол киргизип, Шератов менен бирге жаңы футболдук сезондогу эң көп топ киргизгендердин тизме башына жазылды.

Ошентип, «Дордой» футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын  24-сезонунда экинчи жеңишине жетип, алты упайы менен таза биринчи орунга чыкты.

Күндүн башка эки оюнунда Оштун «Алайы» Нарындын «Ала-Тоо» клубуна каршы беттешинде 2:0 эсебинде жеңишке жетти, а Канттын «Абдыш-Атасы» Бишкектин «Алга» командасын 1:0 эсебинде утту.