Нарын облусунун Кочкор районунун мурунку имамы «гетеросексуалдуулугу тууралуу маалымкат» алды. Жергиликтүү тургундар «аны салттуу эмес сексуалдык ориентацияда» деп айыпташкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Соттук-медициналык экспертизалардын республикалык бюросу Кочкор районунун мурунку имамы Махмуд Адылжан уулуна «нормадан тайган эмес экендиги тууралуу» маалымкат бергендигин айтты.

«Ал (имам) экспертизадан былтыр, тактап айтканда, декабрда өткөн. Соттук-медициналык экспертизалардын республикалык бюросунан анын нормадан тайган эмес экендиги тууралуу маалымкат беришкен. Тактап айтканда, ал гетеросексуал», — деди Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Кочкор районунун жашоочулары имам Адылжан уулун «салттуу эмес сексуалдык ориентацияда» деп шек санашып, өткөн жылдын сентябрында айылдан көчүп кетишин талап кылышкан.

Соттук-медициналык экспертиза бюросунан Kloop.kgге сексуалдык ориентацияларды аныктоо боюнча экспертиза өткөрбөй тургандыктарын билдиришти. «Биз андай экспертиза тууралуу уккан эмеспиз», — деп айтышты бюронун нөөмөт бөлүмүнөн. Биз менен сүйлөшкөн кызматкер башка дарыгерлердин байланыш номурларын берүүдөн баш тартты.

Имамдын өзү экспертиза жыйынтыктары тууралуу «Азаттык» радиосуна берген маегинде билдирген — айтымында, ал «текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында гетеросексуал деп табылган».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге сексуалдык ориентацияны аныктоо боюнча экспертиза тууралуу «биринчи жолу угуп жаткандыктарын» билдиришти.

Адылжан уулу имамдыктан жергиликтүү тургундар тарабынан куугунтуктоолор болгондон кийин кеткен. Айылдаштары «анын салттуу эмес сексуалдык ориентацияда экендигинин видео-далили бар экенин» айтып, аны коркутушкан.

Анда милиция «өзүм билемдик» үчүн Кочкор районунун жергиликтүү тургундарына карата кылмыш ишин козгогон, бирок кийинчерээк кылмыш иши токтотулган.

«Иш Кочкор РИИБси тарабынан тергелген, кийин Нарын облустук ИИБси алып кеткен. Ал дин адамы жашоочуларга карата эч кандай дооматы жок экендиги тууралуу тосмо арыз жазып, кылмыш иши токтотулган», — деп кошумчалады Осмонбаев.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык, сексуалдык ориентациялардын бири дагы — гетеросексуалдуулук, гомосексуалдуулук жана бисексуалдуулук — нормадан тайгандык же ооруу болуп эсептелбейт жана психологиялык бузулуу катары каралбайт.

Автор: Алтынай Джалмамбетова

Сүрөттө: жергиликтүү тургундар имамды айылдап кууп жатышат. Сүрөт: «Турмуш» сайты.