Президент Алмазбек Атамбаев Ольга Лаврованын жазган арызынын негизинде аны каржы министринин башчысы кызматынан бошотуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Лаврова отставкага кетүү тууралуу арызын ишемби күнү, 11-апрелде жазган. Президент Алмазбек Атамбаев аны кызматтан бошотуу жөнүндөгү жарлыкка 13-апрелде кол койду.

Кыргызстандык ЖМКлардын маалыматтар боюнча, анын отставкага кетүүсүнүн себептери айтылган эмес — расмий түрдө «өз каалоосу боюнча» кеткендиги кабарланууда.

«Тазабек» маалымат агенттиги жазгандай, Лаврова кызматтан кетишин бюджет таңкыстыгын кыскартуу боюнча өкмөт менен парламенттеги көпчүлүк коалициясы тарабынан коюлган милдеттин аткарылгандыгы менен түшүндүрдү.

«Бүгүн бюджеттин тартыштыгы кыскарды. Мен алдыма коюлган бул милдетти аткарылды деп эсептейм. Биз 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин таңкыстыгы 2 миллиард 126 миллион сомго кыскаргандыгын маалымдаганбыз», — деп жазган «Тазабек» анын айткандарын.

Эгер 2013-жылы бюджеттин таңкыстыгы 16 миллиард 930 миллион сомду түзсө, 2015-жылы ал көрсөткүч 14 миллиард 683 миллион сомго чейин кыскарган.

Лаврова анын отставкасынын артында «кайсыл бир башка маселелердин жоктугуна» ишендирүүдө. Ал отставкага кетүүсүнө «Кумтөр» ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча өкмөттүн позициясынын өзгөрүшү себеп болгон болушу мүмкүн деген маалыматтарды четке какты.

«Менин кызматтан кетүүмдүн аркасында кандайдыр бир башка маселелер турган жок. Биз муну талкуулаганбыз. Мен бүгүн кызматтан кеткенимди жарыяладым. Бул орунга татыктуу талапкер тандалат деп үмүт кылам», — деди Лаврова.

«Тазабек» билдиргендей, Каржы министрлигинин экс-башчысы Орусияга кетүү ыктымалдыгы тууралуу айтылган маалыматтарды да четке какты. Буга чейин 24.kg жана «КирТАГ» маалымат агенттиктери өкмөттөгү жеке булактарына шилтеме жасоо менен Лаврова орусиялык «Газпром» мамлекеттик корпорациясында иштөө үчүн Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдиришкен.

«Мен Орусияга кетпейм, бул жакта эле калам. Бул такталбаган маалымат», — деп билдирди Лаврова.

24.kg билдиргендей, аны менен катар экс-министр «Газпромдун» Борбордук Азиядагы туунду ишканасы — «Газпромнефть-Азияга» кайтып баруу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

Лаврова «Газпромнефть-Азия» ишканасында 2007-жылдан 2012-жылга чейин башкармалык жетекчиси болуп иштеген.

Ольга Лаврова каржы министри кызматына 2012-жылдын сентябрында дайындалган. Анын талапкерлиги «Ар-Намыс» фракциясы тарабынан сунушталган — азырынча анын ордуна кимдин келээри белгисиз.

«К-Ньюс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов Лаврованын кызматтан кетишин колдобойт жана аны «аял чечими» деп атаган.

«Мен аны менен сүйлөшүп, эмнеге алдын ала билдирбестен мынча тез кетип жаткандыгын сурадым. Бул жеке анын гана эмес, саясий да чечим экенин айтып, салмактап, жакшылап ойлонуу керек болгондугун, алдыда Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуубуз, өкмөттүн отчету турарын айттым. Ал саясатчы эмес экенин жана ал тууралуу ойлонбогондугун билдирди. Ал бул кадамга саясатчыдай эмес, а аял катары барды, а аял чечими боюнча мен түшүндүрмө бербейм», — деп жазган «К-Ньюс» Куловдун айткандарын».