11-апрелде Улуттук оппозициялык кыймыл Жалал-Абад облусунда курултай өткөрдү. Бийликтин сынчылары «Кумтөрдү» улутташтырууну, айлык акыларды жогорулатууну жана коммуналдык кызматтарга болгон тариферди төмөндөтүүнү талап кылышты.

Курултай 11-апрелде Жалал-Абаддын чет жакасында жайгашкан «Телтору» ат майданында өттү. Иш-чарага 200-300 киши катышты. Уюштуруучулар Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) лидерлери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов болушту.

IMG_5498

Оппозиционерлер алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасын улутташтырууну, коммуналдык кызматтарга болгон тарифтерди төмөндөтүүнү жана айлык акыларды жогорулатууну талап кылышты.

«[Бийликтен куулган президенттер Аскар] Акаев менен [Курманбек] Бакиев «Кумтөрдү» талкалап кетти. Аны мамлекетке кайтарып алуу керек. Бүгүнкү күндө кайтардыбы? Мына көрдүңүздөрбү, «Кумтөр» деп чыккан саруулуктарды, Барпынын мыкты жигиттерин атайын даярдыктагы аскерлер менен коркутуп, сабаш жатышат? Ошол жакка алып барып сабаткандан көрөк, ошончо каражат короткондон көрөк аларды Баткендеги чек арага алып барып кайтартпайбы», — деп билдирди Кадыров.

IMG_5520

Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынган жок. Оппозиционерлер парламенттик шайлоого бир партиянын курамында катыша тургандыктарын билдиришти.

УОКтун мурунку лидери, парламент депутаты Равшан Жээнбеков Kloop.kgге берген маегинде кыймылдын ичиндеги келишпестиктерден улам оппозиция Бишкекте митингдерди өткөрбөй тургандыгын айтты.

«Кыймылдын ичинде белгилүү бир келишпестиктер бар. Жалал-Абадда өтүп жаткан бүгүнкү курултайды оппозиция мүчөлөрүнүн арасында колдобогондор да болду», — деди ал.

IMG_5546

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, курултайга 150гө жакын киши катышкан.

«Ат майданга өтө аз сандагы адамдар чогулушту, бирок УОКтун лидерлери курултайга миңге жакын киши катышкандыгын билдирип жатышат. Бирок иш-чарага күбө болгон журналисттер анда көп болсо 150 киши чогулгандыгына күбө болушту», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Милиция оппозициянын ураандарын «кезектеги ураандар» деп атап, анда чогулгандардын бардыгы эле курултайдын уюштуруучуларынын пикири менен макул болбогондуктарын билдирди.

IMG_5580

«Жалпысынан иш-чара тынч өттү, бирок чогулгандардын бардыгы эле уюштуруучулардын пикирлери менен макул болушкан жок. Иш-чаранын катышуучуларынын айтымдарында, бир сааттан кийин эле чогулгандар тарап башташкан, а уюштуруучулар резолюция кабыл ала алышкан жок, добуш берүү маалында ат майданда чогулгандардын жарымынан азы гана калган», — деп жазган ИИМ билдирүүсүндө.

Сүрөт: Шохрух Саипов

Авторлор: Евгений Погребняк жана Шохрух Саипов