2018-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарында Кыргызстан курамасы Азиянын чемпиону эсептелген Австралия курамасы менен бир топто ат салышат. Команданын башка атаандаштары Бангладеш, Тажикстан жана Иордания курамалары болушат.

2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн чүчүкулагы 14-апрелде Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өттү.

Кыргызстан «B» тобуна туш келип, анда команда Австралия, Тажикстан, Бангладеш жана Иордания курамалары менен экиден беттеш өткөрөт.

Топтун жеңүүчүлөрү дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө орун алуу үчүн күрөшүн улантат. Андан сырткары кийинки баскычка өз топторунда экинчи орун алган сегиз команданын төртөөсү өтөт.

Топтогу күчтүүрөөк команда болуп 2015-жылдын январында өткөн Азия чемпионатын утуп алган Австралия командасы эсептелет.

Австралия курамасы ФИФАнын рейтингинде 63-орунда турат жана дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө бир нече жолу, анын ичинде 2014-жылы Бразилияда өткөн биринчиликке да катышкан.

Кыргызстан курамасынын биринчи беттеши 11-июнда болот — Александр Крестининдин тарбиялануучулары Бангладеш командасы менен конокто ойнойт.

Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу баскычындагы Кыргызстан курамасынын беттештеринин тизмеси:

  • Бангладеш — Кыргызстан (11-июнь 2015-жыл.)
  • Кыргызстан — Австралия (16-июнь 2015-жыл.)
  • Иордания — Кыргызстан (3-сентябрь 2015-жыл.)
  • Кыргызстан — Тажикстан (8-октябрь 2015-жыл.)
  • Кыргызстан — Бангладеш (13-октябрь 2015-жыл.)
  • Австралия — Кыргызстан (12-ноябрь 2015-жыл.)
  • Кыргызстан — Иордания (17-ноябрь 2015-жыл.)
  • Тажикстан — Кыргызстан (29-март 2016-жыл.)

Тандап алуу бөлүгү

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 2018-жылы Орусияда өтөт.

Кыргызстан дароо эле Азия зонасындагы тандап алуу оюндарынын экинчи баскычына кирген. Эл аралык футбол федерациясынын чечими боюнча, биринчи баскычта ФИФАнын рейтингинде эң төмөнкү орундарга ээ болгон 12 команда ойногон.

Кыргызстан 2013-2014-жылдардагы ийгиликтүү өткөргөн оюндарынын аркасы менен биринчи баскычка туш келбей калган.

Экинчи баскычта 40 курама команда сегиз топко бөлүштүрүлгөн. Тандап алуу бөлүгүнүн үчүнчү баскычына 12 гана команда өтөт — өз тобунда биринчи орунга ээ болгон сегиз курама жана өз тобунда экинчи орун алган командалардын төрт мыктысы.

Дүйнөлүк биринчиликтин финалдык бөлүгүнө Азиядан төрт команда чыгат, алар 2017-жылы белгилүү болот.

Андан сырткары дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндары бул жолкусунда биринчи жолу Азия биринчилигине тандап алуу беттештери менен айкалыштырылган.

Кыргызстан дүйнөлүк чемпионаттына тандап алуу оюндарында көптөн бери ойной элек болчу. Акыркы тандап алуулардын экөөсүндө тең кыргыз командасы биринчи баскычтан баштап, кийинки баскычтарга өтпөй калган болчу.

Кыргызстан курамасы акыркы жолу топтук беттештерде 2006-жылдагы дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу оюндары маалында ойногон. Анда команданын атаандаштары Бахрейн, Сирия жана Тажикстан командалары болуп, Кыргызстан өз тобунда акыркы орунга ээ болгон.

Калган топтор:

«А» тобу: БАЭ, Сауд Аравиясы, Палестина, Чыгыш Тимор, Малайзия;

«В» тобу: Австралия, Иордания, Тажикстан, КЫРГЫЗСТАН, Бангладеш;

«С» тобу: Китай, Катар, Мальдив, Бутан, Гонконг;

«D» тобу: Иран, Оман, Индия, Түркмөнстан, Гуам;

«Е» тобу: Жапония,Сирия, Ооганстан, Сингапур, Камбоджа;

«F» тобу: Ирак, Вьетнам, Таиланд, Индонезия, Тайпей;

«G» тобу: Түштүк Корея, Кувейт, Ливан, Мьянма, Лаос;

«Н» тобу: Өзбекстан, Бахрейн, Филиппины, КЭДР, Йемен;