Депутаттар Баткен облусунун макамы жөнүндөгү мыйзам долбоорун демилгелешти — документ аймакта ишкердик жүргүзүүгө өзгөчө жеңилдиктерди жана мугалимдер, дарыгерлер, социалдык жумушчулар, милиция кызматкерлери жана чек арачыларга жеңилдиктерди берүүнү сунуштайт.

Мыйзам долбоору парламентте 10-апрелде каттоодон өткөн — анын алдына 18 депутат кол койгон. Документ Баткен облусуна аймактын жашоочулары, коммерциялык уюмдар жана социалдык жумушчулар жеңилдиктерге ээ боло турган өзгөчө макамды сунуштайт.

«Мыйзам Баткен облусундагы мамлекеттик чек араларды бекемдөө, чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө жана облус калкынын жашоо шартын жакшыртуу максатында түзүлүүдө», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Мыйзам долбоору облус жашоочуларына төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

  • Баткен облусундагы дарыгерлер, мугалимдер, социалдык жумушчулар, милиционерлер, чек арачылар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акыларын 50 пайызга көтөрүлөт;
  • Баткен облусунун чек арага жакын калктуу конуштарынын жашоочулары коммуналдык кызматтардын бардык түрү үчүн эки эсе аз төлөшөт;
  • Баткен облусунун чек арага жакын аймактарындагы дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин алышат;
  • Баткен облусунун жашоочулары дарыланууга 50 пайыздык жеңилдиктерге ээ болушат;

Мыйзам долбоору бизнеске төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

  • компаниялар, анын ичинде чет мамлекеттердин катышуусундагы компаниялар дагы, Баткен облусунда мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки алгачкы 5 жыл ичинде киреше үчүн алынчу салыктан бошотулушат;
  • Баткен облусунун 100дөн ашык жашоочусу эмгектенген коммерциялык уюмдар киреше үчүн алынчу салыктан бошотулушат;
  • чек ара аймактарында жайгашкан коммерциялык уюмдар жер салыгын төлөшпөйт;

Мыйзам долбоорунун авторлорунун пикирлеринде, бул чаралар Баткен облусунан көчүп кетип жаткандардын санынын азайышына таасир этип, мыйзам кабыл алынгандан кийинки бир-эки жылда алгачкы жыйынтыктарын бере баштайт.

«Сунушталып жаткан жеңилдиктердин шартында социалдык-экономикалык колдоо жана облустун саясий күч алуусу аркылуу мамлекет алгачкы 4-5 жылда эле кошумча каражат жумшайт. Кийинки жылдары Баткен облусу өз чыгымдарын өзү камсыздап, жалпы мамлекет үчүн көйгөйлүү аймак болбой калат», — деп жазылган негиздеме-маалымкатта.

«Жарым-жартылай көрүлгөн чарабы» же «Кыргызстандын келечегиби»?

Экономист Улук Кыдырбаев Kloop.kgге берген маегинде сунушталган өзгөртүүлөрдү «жарым-жартылай көрүлчү чаралар» деп атады — анын пикиринде, салыктар бизнес үчүн эң коркунучтуу нерсе эмес.

«Бүгүнкү күндө бизнес үчүн чоң балакет — бул биринчиден, мамлекет менен болгон өз ара мамиле, тактап айтканда, анын бейформал бөлүгү. Айтсак, мыйзамдагы чаташкандыктар, дал келбестиктер жана карама-каршылыктардан улам бизнеске өтө жагымдуу эмес абалдарга туш болууга туура келет», — деди ал.

Кыдырбаев мыйзамдагы карама-каршылыктар менен Баткен облусундагы инфраструктуранын жоктугу сунушталган мыйзам долбоорунун ишке ашуусуна тоскоол болот деп эсептейт.

«Бүгүнкү курулушчулардын, төлөм системалары жана башка бизнес түрлөрүндөгүлөр баштарынан өткөрүп жаткан мисалдар эле. Тактап айтканда, мыйзамдын бир нормасында алардын бир ыкма боюнча иштей ала тургандыктары жазылган, башка нормада алар таптакыр иштөө укугуна ээ эместиги көрсөтүлгөн», — деди ал.

Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармагындагылардын биримдигинин президенти Сергей Пономарёв Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын келечеги аймактардын өнүгүшүнө көз каранды экенин билдирди.

«Эгер аймактарда жумушчу орундар болуп, аймактар ички жана сырткы инвесторлордун келип бизнес менен алектенүүсүнө кызык болсо, ошондо Кыргызстанда туруктуулук жана экономикалык өсүш болот», — деди ал.

Анын пикиринде, бирок жеңилдиктерге ээ болгон ишкерлердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган механизмдин болушу шарт.

«Бирок медалдын дагы бир бети бар. Кайсыл бир жерде кандайдыр бир жеңилдиктер болгон кезде Баткенде ЖЧК ачып, берилген жеңилдиктер менен пайдаланып, эмгеги сиңбеген татыксыз үлүштүк кирешелерди алып турган адепсиз ишкерлер табылат. Алар жөн гана Баткенде катталып, бирок Бишкекте бизнес жүргүзүшү мүмкүн», — деди Пономарёв.

Сүрөттө: Баткен облусунун чегиндеги ишкана.