Өтө эле аз айлык акы, начар медициналык тейлөө жана жетекчилик тараптан дайыма болуп турчу жемелөөлөр — мунун бардыгы аскер кызматкерлерин акылдан адаштырат.
War is Boring — аскердик журналисттер менен документалист-режиссерлордон турган топ тарабынан негизделген эң популярдуу ондогон аскердик блоктордун бири.
Аскер кызматкерлеринин жашоо образы кайсыл гана өлкөдө болбосун өтө талаптуу болушу мүмкүн. Кадыресе тамагы даамсыз, айлык акылары көп эмес, а казармаларда качып кутулууга болбогон тердин жагымсыз жыты буркурап турат. Мындай учурда согушка барып курман болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Бирок кээ бир армиялар башкалардан начарыраак. Кыргыз армиясынын казармалары Кансыз согуш маалынан калган бүлүнүп бараткан реликвиелерди элестетет. Тамак-ашы берекесиз, а командирлери жиндилер. Жемелөөлөр, жакырчылык жана ачкачылык — мунун бардыгы тең жоокерлердин жашоосун аянычтуу кылат.
Ал жоокерлердин согуштук аракеттерге катышпаганы менен аскер кызматкерлеринин киши колдуу болуп өлгөн учурлары сейрек көрүнүш эмес. Өлтүрүү жана өз өмүрүнө кол салуу аскерлердин арасында көбөйүүдө.
Кыргызстан — Борбордук Азияда жайгашкан мурунку Советтер Союзунун курамындагы республикалардын бири жана өлкөнүн аскердик түзүмү Кызыл армиянын Орто Азиядагы аскер округунан баштап калыптанган. Учурдагы аскердик техника менен аскер башчыларынын дээрлик бардыгы тең — советтик мурастар.
Акыркы жылдары АКШ Эл аралык «Манас» аба майданынын бир бөлүгүн Ооганстандагы аскердик өнөктүк үчүн транзиттик борбор катары ижарага алып пайдаланып келген. Базанын ижарасына АКШнын Коргоо министрлиги жылына 60 миллион доллар коротуп келген, ошондой эле күйүүчү май менен операциялык ишмердүүлүк үчүн миллиарддаган доллар чыгашалар кетип турган.
Күйүүчү май жеткирүүдөгү көмүскө келишимдер Вашингтондо да, Кыргызстандын борбору Бишкекте да келишпестиктердин себеби болгон. Кыргызстандын бийлиги «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун жайгашуу мөөнөтү боюнча макулдашууну узартпоо чечимин кабыл алгандан кийин америкалык аскерлер 2014-жылдын июнуна карата расмий түрдө базадан чыгып кетишкен.
Кыргыз бийлигинин ал чечимди кабыл алуусунда өлкөдө өз авиабазасын жайгаштырып кармап турган Москванын басымы башкы ролду ойноду.
Макулдашуулардын так көрсөтүлбөгөн шарттары менен коррупция өлкөдөгү мамлекеттик бизнестин бардык түрлөрүнө чатак иштерди алып келет. Февралда Кыргызстандын бийлиги Пентагондун кайрымдуулук каражаттарын белгиленген максатта пайдаланбагандыгы аныкталган. Тактап айтканда, расмий адамдар 748 миң долларга бааланган аялдардын кризистик борборунун имаратын жылына 47 миң доллар киреше тапкан жеке коммерциялык бала бакчасына айлантышкан.
(Котормочудан кошумча түшүндүрмө: Автор Замира Акбагышеванын «Диалог» фонду тарабынан 2003-жылы эле менчиктештирилген Сокулук райондук ооруканасынын мурунку терапевт бөлүмүнүн имаратын айткысы келген чыгаар. Имарат 2010-жылы «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун акчасына оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн — америкалык аскерлер 748 миң АКШ долларын бөлүп беришкен. «Манас» жүк ташуу борбору Акбагышевага имарат аялдар менен балдар үчүн кризистик борбор катары пайдаланылышы керек деген шарт койгон. Бирок 2012-жылдан бери ал жакта жеке бала бакча иштеп келет. Шаар бийлиги долбоорго катышкандыгын четке кагууда.)
Кыргызстанды дүйнөнүн эң туруктуу өлкөлөрүнүн бири деп атоого болбосо керек — 2000-жылдан бери өлкөдө мамлекеттик төңкөрүштөр бир канча жолу болгон. Ал кездер армия үчүн өзгөчө оор болгон.
Начар жашоо шарттары, төмөн эмгек акылары жана жаман жетекчилик аскер кызматкерлеринин жашоосун тозокко айландырат.
«Аскердик эксперттер көпчүлүк учурларда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн натыйжасыз деп баалашат, анын себептеринин кээ бири жоокерлердин жашоо шарты жана моралдык баалуулуктарынан келип чыгат», — деп белгиленген «OE Watch» басылмасынын жакындагы чыгарылышында.
Февралда кыргызстандык «Кылым Шамы» укук коргоо уюму менен Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) жергиликтүү кеңсесинин биргелешкен отчету жарыяланган. Анда кыргыз аскер кызматкерлеринин оор жашоо шарттары жана зордук-зомбулуктар тууралуу күнүмдүк практика катары айтылган. Алынган жыйынтыктар тынчсызданууларды жаратат.
Айлык акылар өтө эле аз — сержант айына 200 доллардан аз акча алат. Советтер союзу маалынан бери пайдалануудагы казармалар бузулуп баштады, кээ бирде аларда жарык берүүгө кичи лампалар да жетишпей калат — караңгы түшөөрү менен аскерлер көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта калууга аргасыз. Тамак-аш өтө начар… алган учурларда. Аскерлер менен алардын үй-бүлөлөрү далай ирет ачка калышат.
«Кылым Шамы» менен ЕККУ армиялардагы саламаттыкты сактоо системасынын өтө начар абалда экендигин аныкташкан. Медициналык госпиталдар урап калуу алдында. Санитардык абал өтө жакшы эмес. Дарылоого эң оңой жана жөнөкөй оорулар үчүн да дары-дармек табуу өтө кыйын, өз кезегинде ал көпчүлүк учурларда аскер кызматкерлеринин саламаттыгындагы көйгөйлөргө алып келет.
Ошондой эле алар армиянын аскер кызматкерлери тарабынан жарандык адамдарга карата жасалган ээнбаштыктарын, талап-тоноочулуктарын жана коррупцияны коомчулуктан кылдат жашырып келгендигин аныкташкан.
Сурамжыланган этникалык өзбектер (алар кыргыз армиясынын азчылыгын түзүшөт, анда кызмат өтөгөндөрдүн 95 пайызы кыргыз улутундагылар) изилдөөчүлөргө рейд маалында кармалгандан кийин аскер кызматкерлери аларды кызмат өтөөгө мажбурлашканын айтышкан. Алардин кээ бирлери өспүрүмдөр жана студенттер болушкан, алар кызматтан бошотулушу керек болчу.
2010-жылдан 2013-жылдын октябрына чейинки аралыкта 50 аскер кызматкери каза болгон. Отчетто 50 учурдун 26сында жоокерлер өз жандарын өзүлөрү кыйышкандыгы, сегиз учурда — өлтүрүү болгондугу жазылган. Андан сырткары укук коргоочулар алты чөктүрүү учурун, бир «чек арадагы күтүлбөгөн кырсыкты», төрт оорудан каза болуу учурун жана дагы бир нече «кырсыктын» болгондугун аныкташкан.
Баяндамада андан ары акыркы бир нече жыл аралыгында орун алган трагедиялуу окуялардын сериясы тууралуу айтылган. Мисалы, Каракол чек ара заставасынын чек арачысы 2012-жылдын 20-августунда беш кишини атып салган. Аскер колго түшүн берүүдөн баш тарткан соң бийлик аны аңдып барып атып өлтүргөн.
2013-жылдын февралында президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын кайтарууга жооптуу болгон аскерге чакырылган 39 жоокер күтүүсүздөн качып кетишкен. Кийинчерээк алардын туугандары аскерлердин качышына офицерлердин кызмат абалын кыянат пайдалангандыктары себеп болгондугун билдиришкен.
«Албетте Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин качып кетүүсүн балдардын кылыгы деп атап, ал маалыматты четке каккан», — деп белгилеген баяндаманын авторлорунун бири Гүлшайыр Абдирасулова.
2015-жылдын январынын ортосунда аскер кызматкери Тажикстан менен болгон «Айкөл» чек ара тосотуна куралдуу кол салууга барган, анда ал аскер бөлүгүнүн командирин өлтүрүп, дагы эки жоокерди жарадар кылган.
Очетто шылдың кылуулар көпчүлүк өлүмдөрдүн башкы себеби болуп эсептеле тургандыгы жазылып, ырайымсыз «дедовщина» көрүнүштөрү тартылган видеолордун интернетте жеткиликтүүлүгү белгиленген.
Докладда кыргыз офицерлерине өзгөчө роль бөлүнүп, аскердик башчылар физикалык зомбулуктарды пайдаланып, кол алдындагыларды шылдыңдоо бузуку маданиятын адат кылып жатканы айтылган.
Мисал катары кыргыз армиясында 2012-жылдын мартында кызмат өтөп баштаган Нурланбек Чынгызов менен болгон окуя келтирилген. Ал чек арадагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жана Ак-Жолдогу базада каза болгон.
«Мен уулумду армияга узаткандан эки ай өткөн соң ал аны сабап жаткандыктарын айтып баштаган, — деп айткан Нурланбектин апасы Динара Кыдыралиева «Кылым шамы» менен ЕККУнун изидөөчүлөрүнө. — Качан мен бул маселени козгогонумда анын командирлери бардыгы жакшы, мындан ары андай кайталанбастыгын айтып мени ишендиришкен».
Бирок 2012-жылдын 5-октябрында аскер кызматкерлери ага токмоктолгон жана ок жеген уулунун сөөгүн жеткирип беришкен. «Адилеттүүлүк издеп жүргөнүмө бир жылдын жүзү болду, соттор менен талашып-тартышып жүрөм, — дейт Кыдыралиева. — Аны атып салган балдар учурда кармалышкан, бирок алар күнөөлөрүн мойундарына албай жатышат… а алардын ата-энелери соттор менен прокурорлорго акча берип келишет».
Улуу аскерлер кичүү, кийин чакырылган аскер кызматкерлеринен тамак жана акча тартып алууну адатка айлантышкан. Изилдөөчүлөргө жоокерлердин биринин апасы бир жыл мурун чакырылган аскерлер дайыма уулун чылым, тамак, арак сатып берүүгө зордоп келгендиктерин айткан.
Ал жыйынтыгында уулу дүкөнгө барып, асынып алгандыгына ишендирген.
Кыргызстандын аскер чиновниктери 2014-жылы аскер кызматкерлеринин арасында өз жанын өзү кыйган 13 учурду документтештиришкен. Баяндамада эреже катары ырайымсыз офицерлердин күнөөлүү экендиктери жана андай учурлардын 30 пайызы гана сотко чейин жете тургандыгы көрсөтүлгөн.
Жалпысынан изилдөөчү топ өлкө боюнча 70 аскер бөлүгүнө чакырылган 1115 жоокер менен маектешишкен. Алар Чек ара кызматы, Улуттук гвардия, Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жана башка коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп, маалымат алышкан.
Ал кеңири тандоо болгон. Бирок кээ бирде алар таппаган нерселердей сыяктуу эле тапкан нерселер дагы ачык-айкын болгон. Дагы деле коркутуулар аскерлерди унчукпоого мажбур кылат, андыктан абалдын топтолгон маалыматтарда көрсөтүлгөндөн да начар болушу толук мүмкүн.
«Бизге бош анкеталарды кайтарып берген аскер бөлүктөрү да болгон: жоокерлер жооп беришкен дагы эмес», — деп билдирген Гүлшайыр Абдирасулова «Фергана» жаңылыктар басылмасына берген маегинде.
Абдирасулованын «Ферганадан» алынган цитатасынын түп нускасы:
«Бизге бош анкеталарды кайтарып берген аскер бөлүктөрү да болгон: жоокерлер жооп беришкен дагы эмес. Көйгөйлөр өтө көп. Кийинки байкоо жүргүзүү маалында, а ал сөзсүз түрдө болот, биз армиядагы зордук-зомбулук (моралдык, физикалык, сексуалдык) маселелерин ачыкка чыгарууну каалап жатабыз. Ошондой эле биздин пикирибиз боюнча көбүрөөк сандагы көйгөйлөр аныкталган аскер бөлүктөрүнүн кээ бирлерин дагы бир жолу кыдырып чыгууга ниеттенип жатабыз. Андан сырткары мезгил-мезгили менен ишке ашып турган байкоо жүргүзүүлөр алдын ала эскертүүчү мехнизм катары кызмат көрсөтүшү мүмкүн. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кызматташууну улантуу каалоосунун бар экендиги кубандырат, алар биздин аскер бөлүктөрүн кыдырып, аскер кызматкерлери менен адам укуктары, зомбулуктун болбошу керектиги тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүбүздү өтүнүп жатышат».
Бир жылга жакын убакыт мурун Кыргызстан аскердик жетекчилигинин башкы институттарын реформалаган.
Эң башкы өзгөртүүлөрдүн бири жаңы позициянын — Башкы штабдын начальнигинин түзүлүшү болду. Башкы штабдын начальниги бир нече мекеменин ишине көзөмөл жүргүзөт: Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Мамлекеттик чек ара кызматына.
Аталган кызматты урмат-сыйга ээ аскер ардагери, генерал Асанбек Алымкожоев ээлеген.
«Жакында кошумча реформалар жүргүзүлөт деген оптимисттик божомолдоолор болгон, — деп белгиленген «OE Watch» басылмасынын акыркы санында. — [Бирок] зомбулуктар менен аскер кызматкерлеринин качуулары аскердик реформага чейин болгонуна карабастан баяндамада өзгөртүүлөрдүн бири дагы [көйгөйгө] жетишээрлик натыйжа бербегендиги жазылган».
Алардын ичинен статистика өз өмүрүнө кол салгандардын санынын өсүп жаткандыгын көрсөтүүдө.
Эгер бул жерде оптимизм үчүн себеп бар болсо дагы, ал Алымкожоевдин жеке өзүнүн изилдөөчүлөр менен кызматташкандыгы. Аскерге чакырылгандарды коркутуп-үркүтүп, унчукпоого аргасыз кылышса дагы изилдөөчүлөр жетишээрлик жогорку деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.
«Бул баналдуу болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок мурун «Кылым Шамы» бийлик тарабынан алардын дарегине айтылган сын-пикир катары кабыл алынышы мүмкүн болгон отчетторду чыгарып келген», — деп жазган «OE Watch».
«[Ал өз ичине] 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылышуу маалында каза болгон адамдардын саны боюнча кеңири отчетторду, ошондой эле 2010-жылдын апрелиндеги революция маалында жоголгон курал-жарактардын тизмелери менен андан кийинки башаламандыктар тууралуу маалыматтарды камтыган», — деп уланткан басылма.
Аны менен катар Гүлшайыр Абдирасулова ал баяндама «айсбергдин чокусун» гана чырпып өткөнүн жана эгер качандыр бир кезде абал жакшыра турган учур келсе алдыдагы изилдөөлөр менен реформалардын зарыл экендигин белгиледи.
Автор: Кевин Кноделл — «War is Boring» блогу үчүн улуттук коопсуздукту, ардагерлердин жашоосун, тынчтык орнотуу жана качкындардын көйгөйлөрүн чагылдырып келген журналист.
Которгон: Малика Баязова