Орусиянын Федерация кеңеши Евразиялык экономикалык комиссияга түшкөн документтердин бардыгын жашыруун сактоого даярданууда, деп жазды «Известия» гезити.

Орусиялык «Известия» гезити макулдашуунун 15-апрелде, шаршемби күнү ратификацияланышы күтүлүп жатканын жазды — документтин расмий аталышы «Купуя маалыматтарды коргоо тартиби жана анын Атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу Евразиялык экономикалык комиссиянын алдында ачыкка чыгышы үчүн каралган жоопкерчиликтер жөнүндөгү макулдашуу».

Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) —Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мамлекеттер аралык көзөмөлдөөчү органы, Евробиримдиктеги Европалык комиссиянын аналогу. ЕАЭБге Орусия, Казакстан, Армения жана Беларусь кирет, а 2015-жылдын майынан тарта Кыргызстан уюмдун толук кандуу мүчөсү болот.

Орусиянын Монополияга каршы күрөшүү федералдык кызматынын башчысы Андрей Цыгановдун айтымында, ушуну менен ЕАЭБдин жалпы рыногунда монополияга каршы күрөшүү системасынын калыптанышы аяктайт.

«ЕАКтин карамагына түшкөн маалыматтардын бардыгы тең автоматтык түрдө «кызматтык колдонуу үчүн» деген энтамгага ээ болот жана аны ачыкка чыгарган адамга карата түрдүү даражадагы жоопкерчиликтер каралат», — деп жазган «Известия» Цыгановдун айткандарын.

Мисалы, эгер ЕЭКтин чиновниги «жашыруун» маалыматты ачыкка чыгарса аны мөөнөтүнөн мурда комиссиянын мүчөсүнүн же кызматкеринин ыйгарым укуктарынан ажыратуулары мүмкүн.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр документке 2014-жылдын ноябрында кол коюшкан. Орусиянын Мамлекеттик думасы макулдашууну колдоп 2015-жылдын 7-апрелинде добуш берген.

Орусия — бул документти ратификациялап жаткан үчүнчү өлкө. Беларусь макулдашуунун 2014-жылдын аягында, Казакстан 2015-жылдын мартында кабыл алган.

«Кыргызстан ага ЕАЭБги кирүү тууралуу чечим кабыл алынып жаткан маалда автоматтык түрдө кошулат. А Армения тууралуу айтсам, анда белгилүү бир атайын жол-жоболор каралууда, протоколго кол коюлган, азыр тиешелүү документтерди даярдап баштадык», — деп билдирген Цыганов.

Ал ЕАЭБдин мамлекеттер аралык деңгээлдеги монополияга каршы күрөшүү системасын түзүү үчүн макулдашуунун кабыл алынышы «зарыл кадам» болуп эсептелерин кошумчалаган.

«Известия» Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климовго шилтеме жасап, макулдашуу ЕАЭБдин ичиндеги «коммерциялык сырдын ээлеринин укуктары бузулбашы» үчүн зарыл экендигин жазган.

«Коммерциялык сыр макамына ээ болгон маалыматтардын көптөгөн түрү бар, а ЕАЭБде көбүнчө талаштуу же конфликттүү маселелер чечилет. Ошондуктан биз коммерциялык сыр маалыматтарды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке берип жатканыбызда ал коммерциялык сырлардын ээлеринин укуктары бузулбашы керек», — деп жазган «Известия» Климовдун айткандарын.

Евразиялык экономикалык биримдик — 2015-жылдын 1-январында Орусия, Белоруссия, Казакстан жана Армения тарабынан негизделген интеграциялык биримдик. Кыргызстан ЕАЭБге кирүү тууралуу макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон, бирок 2015-жылдын 9-майынан кийин гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү болот.

Евразиялык экономикалык комиссия — ЕАЭБдин мамлекеттер аралык көзөмөлдөөчү органы. Азырынча анын курамында 12 киши — ар бир өлкөнүн үчтөн мүчөсү (министри) бар. ЕЭКте 23 департамент иштейт, алардын ар бири өз багыттары боюнча иш алып барышат: бажы төлөмдөрү, транспорттук ташуулар, соода, эмгек миграциясы жана башка.