Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди жана Ауэзов көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үстүбүздөгү жылдын майында башталат. Аталган көчөлөр акыркы жолу 30 жыл мурун оңдолгон.

Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын май айынын башында башталат — бул тууралуу 16-апрелде Бишкек мэриясында өткөн брифингде Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысы Канчоро Ажекбаров билдирди. Анын айтымында, капиталдык оңдоо кытай грантынын эсебинен 32 млн. сомго жүргүзүлөт.

IMG_61771.jpg_11-1024x683

Жалпысынан Бишкектин чет жакасындагы үч көчө оңдолот — Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди жана Ауэзов. Ажекбаров капиталдык оңдоо иштери 2015-жылдын декабрында аяктай тургандыгын айтты.

IMG_6179.jpg_1-1024x683

«20 күндөн кийин аталган үч көчөдө тең капиталдык оңдоо иштери башталат. Төшөлмөнү толук алып жаңы асфальт төшөлөт, тротуарлар оңдолуп, жарык берилет», — деди башкармалык жетекчиси.

IMG_62001.jpg_11-1024x683

ККБнын алдындагы Жолдор бөлүмүнүн алдынкы адиси Жеңиш Ибаков Kloop.kgге берген маегинде аталган көчөлөр акыркы жолу 30 жыл мурун оңдолгондугун билдирди.

«Анда асфальт өтө эски, ошондуктан тез эле чуңкурлар пайда болуп турат», — деди ал Махатма Ганди көчөсүнүн начар абалы тууралуу айтып жатып.

IMG_62771.jpg_11-1024x683

Ганди атындагы көчөнүн жашоочулары жолдогу чуңкурлар менен аңдар жол кырсыгына же унаалардын бузулуусуна себеп боло тургандыктарын айтышты. Бул тууралуу алар Kloop.kgнин кабарчылары жүргүзгөн сурамжылоо маалында билдиришти.

«Мен атайын жолдогу чуңкурдун тереңдигин өлчөп көрдүм, ал 20 сантиметрди түзөт. Өтүүгө мүмкүн эмес», — деди Талант Маметов аттуу жергиликтүү тургун.

IMG_63001.jpg_11-1024x683

Шаар четинде жашаган дагы бир тургун Чынгыз Төлөнбаев акыркы 10 жылдан бери Ганди көчөсүнүн оңдолгонун көрбөгөндүгүн айтты. «Мэриядан бир нерсе сурап болбойт. Алар келип көп болсо эки жума иштешет да кетип калышат», — деди Төлөнбаев.

IMG_63441.jpg_11-1024x632

Сүрөттө: Бишкектин батышындагы Махатма Ганди көчөсү.

Автор: Алтынай Джалмамбетова

Сүрөттөрдүн автору: Эльдор Далиев.