«Синематика» кинотеатрлар түйүнү менен «Россия» кинотеатры орусиялык «Централ Партнершип» дистрибьюттук компаниясы «Номер 44» тасмасын көрсөтүү укугун чакырып алганын жана эми ал Кыргызстанда көрсөтүлбөстүгүн билдиришти. Буга чейин тасма «Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70-жылдыгынан улам» прокаттан алынган болчу.

«Синематика» кинотеатрлар түйүнү өзүнүн «Твиттер» эккаунту аркылуу америкалык «Парамаунт» жана «Саммит» студияларынын тасмаларын жеткирип берүү менен алектенген орусиялык «Централ Партнершип» компаниясы «Номер 44» тасмасын көрсөтүү укугун чакырып алганын билдирди.

«Синематиканын» билдирүүсү Орусияда тасманы көрсөтүүгө тыюу салынгандан бир нече сааттан кийин пайда болду.

«Номер 44» тасмасынын укук ээси болгон «Централ Партнершип» компаниясы бардык аймактарда, анын ичинде бизде да көрсөтүү укугун чакырып алгандыгын өкүнүү менен билдиребиз», — деп жазылган «Синематиканын» билдирүүсүндө.

Бишкектеги «Россия» кинотеатры да өз сайты аркылуу «Номер 44» тасмасы прокаттан алынгандыгын билдирди.

«Студиянын чечими менен «Номер 44» тасмасы прокаттан алынды», — деп жазылган «Россиянын» сайтындагы расмий билдирүүдө. Бирок кинотеатрлардын жарыясында «Номер 44түн» сеанстары дагы деле алына элек.

Орусияда көрсөтүүгө тыюу салынышы

«Номер 44түн» КМШ аймагындагы премьерасы 16-апрелде болушу керек болчу. Бирок ага бир күн калганда «Централ Партнершип» компаниясынын сайтында «компания менен Орусиянын Маданият министрлигинин жалпы чечими менен» тасма прокаттан алынгандыгы тууралуу билдирүү пайда болду.

«Орусия Федерациясынын Маданият министрлигиндеги көрүп чыгуунун жыйынтыгы боюнча биринчи кезекте тасманын мазмунуна байланышкан суроолор пайда болду — тарыхый фактылардын бурмалангандыгы менен Улуу Ата Мекендик согушка чейинки, согуш маалындагы жана андан кийинки убактардагы окуялардын, ошондой эле ал тарыхый доордогу советтик жарандын образы менен мүнөздөрүнүн  өзүнчө бир айырмаланып турган түшүндүрмөлөрү», — деп жазылган «Централ Партнершиптин» билдирүүсүндө.

«Номер 44» — бул Том Робдун «Малыш 44» аталышындагы романынын негизинде тартылган, чыгармадагы окуя согуштан кийинки СССРде болгон. Башкы каарман — бир нече балдар өлүмүн тергөө менен алектенген кадыры кеткен офицер Лев Демидов. Анын ишмердүүлүгү «паранойинин белгилери менен мүнөздөлгөн советтик өкмөттүн» шектенүүлөрүн жаратат.

«Көрүп чыккандан кийин прокатчылар менен Маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн пикирлери дал келди: Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында мындай мүнөздөгү тасмалардын көрсөтүлүшүнө жол берилбеши керек», — деп түшүндүрүштү дистрибьютор-компаниядан.

«Централ Партнершиптин» башкы директору Павел Степанов өзүнчө жасаган билдирүүсүндө орусиялык компания «Номер 44тү» көрсөтүү укугун 2011-жылы сатып алгандыгын жана андан бери тасманын сценарийи менен үн коштоосуна «бир нече өзгөртүүлөрдү киргизгендигин» билдирди.

«Ошентсе да бул иштин жыйынтыгы бизди канааттандырган жок. Мындай шартта тасманын орусиялык прокатка чыгышы тууралуу акыркы чечимди тасма коомдук талкуудан өткөндөн кийин кабыл алуу чечимине келдик», — деп жазган Степанов.

Анын айтымында, алар компаниянын көз карашы менен Орусиянын Маданият министрлигинин көз карашы «дал келгендигине кубанычта».

«Алдыда социалдык маанилүү контекстке ээ тасмалардын прокатынын үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү маанилүү деп эсептейм», — деп кошумчалады Степанов.

Кинотасмалар тууралуу орусиялык «Кинопоиск» ири сайтында «Номер 44түн» күтүү рейтинги колдонуучулардын добуштарынын 94 пайызына жеткен.

«Өлкө эмес эле Мордор»

«Централ Партнершиптин» билдирүүсүнөн кийин Орусиянын Маданият министрлиги мекеменин башчысы Владимир Мединскийдин түшүндүрмөсү жазылган пресс-релиз таратты.

«Биздин «Централ Партнершип» менен биргеликте жасаган билдирүүбүздүн башкыларын кайталайм: «№44» сыяктуу тасмалар  биздин көрүүчүлөрдөн Жеңиштин 70 жылдыгында да, башка убактарда да акча таап, өлкөбүздө массалык кинопрокатка чыкпашы керек», – деп ишендирген Мединский.

Орусиянын Маданият министрлигинин башчысы «Номер 44» тасмасында Советтер союзунун Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхы бурмаланган деп эсептейт.

«Өлкө эмес эле физикалык жана моралдык жактан сапатсыз адам түспөлүндөгү жандыктардан турган Мордор, кадрда кайсыл бир жандуу адамдардын канын соруучу өлүктөрдөн турган кан аралашкан начар тамак — ХХ кылымдын 30-жылдарынан 50-жылдарына чейин тасмадагы окуя мына ушундай өлкөдө болот. Биздин жаңы гана Улуу согушта жеңишке жетип, дүйнөлүк лидерлердин катарына кирген жана жаңы гана дүйнөдө биринчи жолу адамды космоско учурайын деп турган өлкөбүз мына ушундай көрсөтүлгөн», – деп жазылган Мединскийдин пресс-релизинде.

Анын айтымында, кеп «конкреттү тасмада» эмес, а Орусия «өзүнүн өзү тууралуу чексиз шизофреникалык ой жүгүртүүлөрүнө акыры бир чекит коюшу керектигинде».

«Калп менен ушакка биз өзүбүз макул болуп жатабыз. Биз өзүбүз «штрафбаттан чыккан иттин балдары» тууралуу тасмаларды тартып жибергенбиз. Биз өзүбүз жеке тарыхыбыз тууралуу өз түшүнүгүбүз менен эбак өткөн саясий интригаларды салыштыруу ыңгайлуураак деп чечкенбиз», – деп уланткан Мединский.

Анын пикиринде, бул «түбүнө жеттик деп ойлоп жатканда төмөн жактан бирөө такылдаткан учурдун өзү».

«Малыш 44» романынын автору Том Роб Смит өзүнүн «Твиттер» эккаунтуна китепте жазылган фактыларды «тарыхтын бурмаланышы» деп эсептебей тургандыгын жазган.

«Орусияда «Малыш 44» романына тыюу салынган эмес. Ал бир нече жыл бою жакшы сатылып келген. Анда Советтер союзу тууралуу кыйла ачык айтылган», — деп эсептейт Смит.

«Малыш 44» романынын орус тилине котормосу Орусияда 2012-жылы басылып чыккан.

Китептин автору Мединскийдин эмне себептен романдагы окуя болгон жерди Мордор менен салыштыргандыгын билбейт. (Мордор — фантастикалык «Властелин колец» чыгармасындагы кастык орун алган жер.

«Мен түшүнбөй турам: мен эмнени бурмалаптырмын? Ачарчылык, гейлерди куугунтуктоо, коррупция, жашыруун полиция болгон жок беле?» — деп жазган Смит «Твиттерге».