Кыргызстандын Улуттук банкынын өкүлү банктар менен акча алмаштыруу жайларында доллардын курсунун төмөндөшү «сезондук туруксуздукка» жана башка факторлорго байланыштуу экендигин билдирди. Доллар акыркы бир күндүн ичинде дароо үч-төрт сомго арзандап кеткен.
Улуттук банктын Акча саясаты башкармалыгынын жетекчиси Раушан Сейиткасымова доллардын арзандашын бир нече факторлор менен түшүндүрдү: сезондук туруксуздук, калк тараптан чет элдик валютага болгон суроо-талаптын төмөндөөсү, калктын сомду керектөөсү жана салык мезгили.
«Кудайга шүгүр 2014-жылдагыдай сырттан күтүүсүз абал болгон жок. Биздин өлкөгө сезондук туруксуздук мүнөздүү. Экономика түзүмүнүн өзү ушундай. Кышында импорттук продуктуларды, күйүүчү май сатып алуу сыяктуу сезондук туруксуздук бар. Мындан улам албетте чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талап жогорулайт», — деди ал.
Сейиткасымова Улуттук банк «валюталар курсун таңуулабастыгын» айтты — ал суроо-талап жана сунуш менен аныкталат.
«Биз акча алмаштыруу жайларына, коммерциялык банктарга валюталар курсун таңуулабайбыз. Биз расмий курсту бекитебиз — ал рыноктук негизде аныкталат, тактап айтканда, Улуттук банк аны өзү аныктабайт, мында коммерциялык банктардын ортосундагы бүтүмдөр жүргүзүлөт. Ага карап расмий курс эсептелип чыгарылат», — деди ал.
Кыргызстандын банктар биримдигинин аты-жөнүн айтуудан баш тарткан эксперти Kloop.kgге берген маегинде Улуттук банк валюталар курсун жаңылоодо «бир аз кечигип жаткандыгын» билдирди. Анын айтымында, коммерциялык банктардын «суроо-талапка багытталган өзүнчө валюталык саясаты бар.
«Алар [коммерциялык банктар]келечекке карашат. Орусияда да курс кайрадан жогорулап баштабадыбы, анан алар дагы — биздин коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары — ага көз салып жатышса керек. Бул жагдай рынокто болуп жаткандыктан Улуттук банк бир аз кечигип жатат», — деди эксперт.
Сомдун турукташы
Доллар коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайларында 17-апрель күнү эртең менен кескин төмөндөп баштаган — америкалык валюта үчүн мурунку 63-64 сомдун ордуна 59-60 сом берип башташкан. Алсак, «РСК» банктын сайтында акча алмаштыруу кассаларында бир доллар үчүн 59 сом, а «Бакай» банктын сайтында 58,5 сом берилип жаткандыгы көрсөтүлгөн.
«Бай-Түшүм», «Кыргыз инвестициялык коммерциялык банкы», «Кыргызстан» жана «Оптима» банктары бир АКШ доллары үчүн 60 сом берип жатышат.
«Демир» банк долларды 60,5 сомдон сатып алууда. «Акчабар» каржы порталынын маалыматы боюнча, Бишкектин Моссоветиндеги акча алмаштыруу жайлары долларды 59,34 сомдон сатып алып жатышат.
Доллардын курсунун төмөндөөсү фонунда анын Улуттук банктын сайтындагы баасы анча кескин өзгөргөн жок — 10-апрелден 17-апрелге чейин америкалык валюта 30 тыйынга арзандаган.
Доллардын курсу марттын аягында кескин жогорулаган — анда америкалык валюта тарыхый максимумдан ашып, 63,6 сом (сатып алуу) жана 64,8 сомго (сатуу) чейин жеткен.
Анда Улуттук банктын башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш доллардын кымбатташын жазгы талаа иштеринин башталганы менен түшүндүргөн.
«Биздин өлкө импортко көз каранды, силер билгендей бүгүнкү күндө жазгы айдап-себүү иштери башталды, өз кезегинде ал күйүүчү май импортуна алып келет. Буга байланыштуу чет элдик валютага — АКШ долларына — суроо талаптын өсүүсү байкалып, ал аталган валютанын кымбатташына алып келди», — деп билдирген анда ал.
Аны менен катар Нурбек Жеңиш америкалык валютанын баасынын өсүүсүнө жеке акча алмаштыруу жайларынын чайкоочулук аракеттери таасир эткен болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
2014-жылдын январында Улуттук банк жеке акча алмаштыруу жайларын жабуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.
Тексттик хроника:
15:52 Сейиткасымова доллардын курсу төмөндөгөн учурда мисалы, чет элдик валюта менен карызга акча алгандар утушка ээ болуулары мүмкүндүгүн айтты.
«Экономикада дайыма ушундай, кайсыл бир мезгилде кимдир бирөө жакшы абалда, кимдир бирөө начар абалда. Бирок канча бир убакыттан кийин тең салмактуулук орнойт. Дайыма мезгилден кийин кароо керек», — деди ал.
15:51 Сейиткасымованын айтымында, өлкөдө либералдуу мыйзам иштеп жаткандыктан жана көзөмөлдөөчү ал чараны колдонууга аракет кылбагандыктан Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары үчүн «валюталык коридор» белгилебейт.
Өлкөдө доллардын курсу мамлекет ичинде жасалган бүтүмдөрдүн саны менен аныкталат. Евронун курсу кыргызстандыктардын европалык валютага болгон суроо-талабы менен аныкталат.
15:41 Улуттук банктын акча-насыя операциялары башкармалыгынын жетекчиси доллардын курсунун төмөндөшүнө чайкоочулук аракеттердин таасир эткендиги тууралуу маалыматтарды четке какты.
15:38 Сейиткасымова коммерциялык банктар валюталар курсун Улуттук банк менен макулдашпастыгын айтты.
15:32 Улуттук банк доллардын курсунун өзгөрүшү боюнча брифингин баштады. Акча-насыя операциялары башкармалыгынын башчысы Раушан Сейиткасымова сүйлөп жатат.
Сейиткасымова доллардын түшүшүн бир нече факторлор менен түшүндүрдү: сезондук туруксуздук, калк тарабынан чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талаптын азайышы, калктын сомго муктаждыгы жана салык мезгили.
«Кудайга шүгүр 2014-жылдагыдай сырттан күтүүсүз абал болгон жок. Биздин өлкөгө сезондук туруксуздук мүнөздүү. Экономика түзүмүнүн өзү ушундай. Кышында импорттук продуктуларды, күйүүчү май сатып алуу сыяктуу сезондук туруксуздук бар. Мындан улам албетте чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талап жогорулайт», — деди ал.