Журналист Дайырбек Орунбековдун жазган макаласы ага карата доо арыздын жазылышына себеп болду. Башкы прокуратура ал макала «президенттин ар-намысына» доо кетирди деп эсептөөдө.

Башкы прокуратура 17-апрелде Орунбековго каршы Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна арыз жолдоду.

Башкы көзөмөлдөө органы өз аракетин «президенттин ар-намысын коргоо» менен түшүндүрдү.

Орунбеков өз макаласында Убактылуу өкмөт менен президент Алмазбек Атамбаевди 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышууларга тиешеси бар деп айыптаган.

«[Орунбеков] Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндө көп сандаган кишилердин өлүмүнө байланышкан өзгөчө оор кылмышка атайылап айыптаган», — деп жазылган көзөмөлдөө органынын билдирүүсүндө.

Буга чейин Орунбековго каршы аталган макала боюнча Кылмыш кодексинин «кылмыш тууралуу көзкөрүнөө жалган билдирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бирок «көзкөрүнөө жалган билдирүү» үчүн журналистке каршы кылмыш ишин козгоого болбойт деп эсептеген Конституциялык палатанын түшүндүрмөсүнөн кийин кылмыш иши токтотулган болчу.

Орунбековдун өзү бийликтин анын гана артынан түшүп жатышына таң калууда.

«Алардын эмне себептен мага гана кылмыш ишин ачып жаткандыктары табышмак. Аларды көп эле киши сындаган да», — деди журналист Kloop.kgге берген маегинде.

Ал макалада жазылгандардан баш тартпай тургандыгын кошумчалады.

«Мен качып кетпейм, кечирим сурабайм, аягына чейин турам жана Атамбаев күнөөлүү [2010-жылда түштүктө орун алган улуттар аралык кагылышууларга] деген пикиримде кала берем. Өзүмдү күнөөсүз деп эсептейм жана мыйзамдын чегинде аракет көрүп, соттошом», — деди Орунбеков.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Адилет Азимовдун пикиринде, Орунбековго карата доо арыз «мыйзамдын чегинде» жолдонгон.

Ал башкы прокурор «президенттин ар-намысын, беделин коргоо үчүн» сотко доо арыз берүүгө укуктуу экенин айтты.

«Саясат жагынан алганда кандай болду мен билбейм, бирок [доо арыз] мыйзамдын чегинде берилди», — деди ал.

Автор: Малика Баяз.

Сүрөт: Inter.kg.