«Азаттык» радиосу президент Алмазбек Атамбаевге бюджеттен жылына канча каражат кете тургандыгы жөнүндө чоң видеосюжет даярдаган — расмий маалыматтар боюнча, жылына ал сумма 550 млн. сомду түзөт. Оппозиция президент менен анын кол алдындагыларга көрсөтүлгөн суммадан эки эсе көп каражат жумшала тургандыгын билдирүүдө.

Президентке кеткен чыгымдар тууралуу видеосюжет КТРКнын эфиринен 20-апрель күнү кечинде көрсөтүлдү — кийинчерээк ал «Азаттыктын» сайтында пайда болду. Материалды даярдоодо авторлор расмий маалыматтарга таянышкан, ошондой эле оппозиция өкүлдөрүнөн комментарийлерди алышкан.

Маалыматка ылайык, президентке, анын аппараты менен иш башкармалыгына бюджеттен жылына 550 млн. сом кетет. Жалпысынан өлкө башчысына 1300 киши кызмат көрсөтөт.

Журналисттердин айтымдарында, мисалы, мамлекеттик резиденциядагы даарат кагаздары менен салфетка үчүн жылына 250 миң сом кетет. Ал эми чет өлкөлүк лидерлер менен жогорку кызматтагы чиновниктердин Кыргызстанга болгон сапарлары маалында алардын жашап туруусу үчүн 2014-жылы 22 млн. сом сарпталган.

Оппозициялык депутат Өмүрбек Абдрахманов президент менен анын кол алдындагы адамдарга 550 миллион сомдон көп каражат коротуларын билдирген — айтымында, президенттин сакчылары үчүн эле 300 млн. сом, а өлкө башчысынын чет өлкөгө болгон сапарларына — 55 млн. сом кетет.

«Ошентип, биз элден чогулган салыкты туура эмес коротуп жатабыз», — деген Абдрахманов.

Оппозициялык депутат президент менен анын кол алдындагы адамдарга жылына 17 млн. АКШ доллары, тактап айтканда, 1 миллиард 42 миллион сом жумшаларына ишендирүүдө.

Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын айтымында, 2014-жылы президенттин аппаратына 121 млн. сом кеткен — көрсөтүлгөн суммадан айлык маяналар жана администрациянын башка керектөөлөрүнө кеткен чыгымдар төлөнөт.

Салыктарга кармала турган сумманы эсептебегенде президенттин ар айлык эмгек акысы — 66 300 сомду түзөт. Бул 2013-жылга караганда 20 700 сомго аз.

Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде анын кеңешчиси болуп иштеген активист, учурда оппозициянын катарын толуктаган Адил Турдукулов президент менен анын аппаратынын чыгымдары тууралуу маалыматтын көпчүлүк бөлүгү «элге толугу менен жетпей жаткандыгын» билдирди.

Сюжет эфирге чыккандан кийин оппозиционер «Азаттыктын» материалын сынга алган. Анын пикиринде, материал «президенттин [Иш] башкармалыгынын апыртылган жана жылмаланган отчетуна көбүрөөк окшош».

Азырынча «Азаттык» Турдукуловдун бул сын-пикирине эч кандай реакция жасай элек.