Тышкы иштер министрлиги бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү жашап жаткан Беларусь менен Улуу Британияга кайрадан элчилерин жөнөтөт. Кыргызстан өз өкүлдөрүн аталган өлкөлөр Бакиевдерди өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин 2012-жылы чакырып алган болчу.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Беларусь менен Улуу Британиядагы элчилери ушул жылы дайындала тургандыктарын билдирди, деп жазды «КирТАГ» маалымат агенттиги.

«Беларуска, Улуу Британияга жана Пакистанга элчилер ушул жылы дайындалышат деп айта алам. Биздин кээ бир элчилерибизге карата агреман суралып, алынды», — деп жазган агенттик министрге шилтеме жасап.

Абдылдаевдин айтымында, өлкөнүн Беларустагы элчиси Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жаткандыгынан улам, а Кыргызстандын Улуу Британиядагы өкүлү — «Максим Бакиевди өткөрүп берүү маселесиндеги Лондон тараптан жасалган белгилүү быр жылыштардан» улам кайтып барганы жатат.

Кыргызстан аталган өлкөлөрдөгү элчилерин 2012-жылдын күзүндө, бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин чакырып алган. Мурунку өлкө башчысынын өзү учурда Мнскте, а уулу Максим — Лондондо жашап жатышат.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү — президент, башкы прокурор жана парламент — беш жылдан бери Беларусь менен Улуу Британия бийлигинен Бакиевдерди өткөрүп берүүнү талап кылып келишет. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясы маалында митинг катышуучуларына карата ок атууга айыпталууда.

Үстүбүздөгү жылдын февралынын аягында криминал төбөлү Алманбет Анапияев Минскте өлтүрүлгөндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев Беларусту «кылмышкер Бакиевдерди» калкалап жатат деп айыптаган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал кылмыш Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Жаныш Бакиев тарабынан жасалган. Анда Беларустун бийлиги Кыргызстандын президентинин билдирүүсүнө кыжырдануусун билдирип, азырынча Жаныштын күнөөсү далилдене электигин билдирген.

«Беларусиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык  маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларусияда дагы кан төккөнүн уланта берет!» — деп жазылган президенттин билдирүүсүндө сөзмө сөз.

2013-жылдын ортосунда Атамбаев бийликтен куулган президенттин экономикалык кылмыштарга айыпталып, Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган уулу Максим Бакиевди жаап-жашыргандыгы үчүн Улуу Британияны «кош стандарттуулукка» айыптаган.

«Улуу Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын уулдарын баш калкалаттыбы? Бул жерде Кыргызстанга карата эмнеге кош стандарттар? Британ бийлиги Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө жардам берүүнү каалап жаткандыктарын айтышууда. Бирок бул жалган. Силер бизди тоноп кеткен адамды баш калкалаттыңар. Уурдалган ал каражатты биз таза шайлоо өткөрүү үчүн пайдалансак болмок», — деп жазган британиялык «Гардиан» гезити Атамбаевдин айткандарын.

2014-жылдын октябрында Улуу Британиянын жарандык сот адилеттиги жана укуктук саясат иштери боюнча мамлекеттик юстиция министри лорд Эдвард Фолкс Кыргызстанга болгон сапары маалында эгер өлкөдө «көз карандысыз соттор жана сот адилеттиги болуп, адам укуктары сакталса, Максим Бакиевдин өткөрүлүп берилиши мүмкүндүгүн билдирген.