«Вечерний Бишкек» басылмасы саясатчылар менен коомчулукту президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарына каршы биригүүгө чакырган жаңы кайрылуу жасады. Медиа-холдинг өлкө башчысына жакын адамдарды басылманы «рейдерлик басып алуу» аракетине айыптоодо.

Жаңы кайрылуунун тексти жалпыга маалымдоо каражаттарына 22-апрель күнү кечинде таратылды. Анда «Вечерний Бишкектин» өкүлдөрү саясатчылар менен кыргызстандыктарды призидентке жакын чиновниктерге каршы биригүүгө чакырган.

«Вечерний Бишкек» өлкөнү, ар бир кыргызстандыктын келечегин соттун ээн баштыгынан, президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы топ адамдардын мамлекеттик институттарга басым жасоосунан, бийликтин көзөмөлүндөгү ЖМКлар тарабынан уятсыздык менен коомдун пикиринин манипуляцияланышынан коргоо үчүн саясий күчтөрдү, коомдук уюмдарды жана бизнес-чөйрөсүн биригүүгө чакырат», — деп жазылган кайрылууда.

«Вечерний Бишкек» өлкө башчысынын маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязовду, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновду жана мамлекет башчысынын мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевди басылманы «рейдерлик жол менен басып алуу» аракетине айыптоодо.

Холдингдин өкүлдөрү аталган чиновниктер чарбалык талаштар боюнча үч соттук баскычтын экөөсүнөн жеңип чыккан басма үйдүн мурунку ээси Александр Рябушкин аркылуу басылмага ээ болуп калууга аракет кылып жатышат деп эсептешет.

«Бизди кысымга алып, түрмөгө камап, өлтүрүшөт. Бизди тебелеп-тепсөө үчүн бийликтин эч нерсенин алдында токтобостугун түшүнүп, биз эстүүлүк менен биринчилерден болуп Кыргызстанды сот органдарын, күч түзүмдөрүн, маалыматтык ресурстарды, каржы агымдарын көзөмөлдөгөн президенттин айланасындагы кызмат адамдарынын башкара тургандыгын билдирдик», — деп жазылган басылманын катында.

«Вечерний Бишкек» буга чейинки кайрылуусунда Атамбаевди жагдайды карап, басылманын чиновниктерге карата айткан айыптоолорун текшерип чыгууга чакырган. Эртеси президент атайын кызматтагылар менен прокуратурага кылдат тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

Бирок басылма жаңы кайрылуусунда тергөөнүн жүрүшүнө канааттанбагандыгын билдирген — «Вечерний Бишкектин» өкүлдөрүнүн пикирлеринде, жыйынтыгында алар күнөөлүү болуп чыгуулары мүмкүн.

«Тергөөнүн жүрүшү бизди бир гана тыянакка алып келүүдө: жыйынтыгында ал үчөө эмес, а басма үйдүн жетекчилиги күнөөлүү деп табылат. Бул жагдай бизди жарандык коом менен өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнөн колдоо сурап кайрылууга мажбурлоодо», — деп жазылган билдирүүдө.

«Жүгүнүүгө баруу»

«Вечерний Бишкек» Кыргызстандын саясатчыларын басылма менен  президенттин айланасындагы кызмат адамдарынын ортосундагы чырлашууга көңүл бурууга  эки жолу чакырып, аларга: «жеке кызыкчылыктары менен примитивдүү логика боюнча саясий талааны калыптандырып жаткан адамдарга жүгүнүүдөн тажаган жоксуңарбы?», деген суроого узаткан.

«Бардык тармактардагы системалуу каатчылыкка күнөөлүү катары байлык топтоо жана Атамбаев кеткенден кийин дагы бийликте калуу үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап койгон бир канча адамды гана айтууга болот; […] Эсиңерде болсун: силер Икрам Илмияновго жүгүнбөө керектигин түшүнмөйүнчө, элдин ишенимине ээ болбойсуңар», — деп жазган басылма.

«Вечерний Бишкек»  Илмияновду президенттин аппаратынын башчысынын орун басары кызматы үчүн «өтө эле көп» көзөмөл жүргүзүп жатат деп айыптаган.

«Эмне себептен болгону аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген адамдын иш бөлмөсүнүн алдында министрлер менен депуттардын үймөлөктөшүп жүргөндүктөрүн сурап көргүлөчү? Эмнеге президенттин аппаратынан кайрылгандан кийин судьялардын мыйзамсыз чечимдерди чыгарарын ишкерлерден сурап көргүлөчү? Судьялардын өзүлөрүнөн алардын «керектүү» чечимдерди чыгаруулары үчүн кимдин телефон чаларын сурагылачы?», — деп жазылган билдирүүдө.

Басылма Фарид Ниязовду маалымат каражаттарынын редакциялык саясатын көзөмөлдөп, ага кийлигишүүгө айыптоодо.

«Вечерний Бишкектин» мисалында эле макаланы алып коюу, «Ак үйдүн» көңүлүнө жакпагандар саясатчылардан комментарий албоо, журналисттер өз кулактары менен уккан президенттин билдирүүлөрүн кайрадан өзгөртүп жазуу, темаларын өзгөртүү сыяктуу өтүнүчтөрдү камтыган ондогон телефон чалууларды, SMS-билдирүүлөрдү, каттарды санап айтып берүүгө болот», — деп билдирди «Вечерний Бишкек».

«Вечерний Бишкек» Атамбаевдин өзүн «ажыдаар» деп атаган — бул президент «ажыдаар болбостугун», эгер болсо эскертип коюуларын өтүнгөн маалымат жыйындарынын бирине карата айтылган.

«Атамбаевдин ажыдаар болуп калганын көрүп жатабыз. Болгондо да айланасындагылардын көз алдында кылып жаткандыктарына карата дүлөй жана сокур болгондугун», — деп жазган басылма.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда. Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев алгач кайрылуу менен таанышып чыгышы керектигин айтып, 23-апрелде түшүндүрмө бере тургандыгын айтып убадалады.

Фарид Ниязовдун өзү бир апта мурун «Вечерний Бишкекти» «жалган айтууга» айыптаган — азыр анын ал билдирүүсүн президенттин сайтынан табууга мүмкүн эмес. Бирок «Азаттык» радиосунун сайтындагы маалыматка ылайык, Ниязов басылманын биринчи кайрылуусун «кезектеги калп» деп атаган.

«Ракурсту алмаштыруу»

«Вечерний Бишкек» чиновниктер өз көзөмөлүндөгү телеканалдар аркылуу бийлик менен басылманын ортосундагы келише албастыктын маанилүүлүгүн азайтууга аракет кылып жатышат деп эсептейт. Медиа-холдинг «Вечерний Бишкек» менен болгон чырлашууну АКШ элчилиги жана оппозиция менен байланыштырган Кыргызстандын башкы телеканалы эсептелген КТРКнын сюжети тууралуу айтууда.

«Учурда административдик ресурстун бардык күчү бийлик менен «Вечерний Бишкектин» ортосундагы чырлашуунун маанилүүлүгүн жумшартууга багытталган. Мамлекет менен коомдун, мамлекет менен ЖМКлардын ортосундагы чыр-чатактарды жашыруу үчүн», — деп жазган басылма.

«Вечерний Бишкек» президенттин айланасындагы кызмат адамдарын жагдайды «саясий мүнөзгө» өткөрүп, алардын кайрылуусун «эч мааниси жок кагаздай» кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп айыптады.

«Президенттин айланасындагылар ракурсту кыргызстандыктар өлкөнүн экономикалык, саясий жана социалдык сыяктуу ички көйгөйлөрү тууралуу ойлонууга эмес, а «Ак үйгө» каршы чыккан «Вечерний Бишкек» деген душманды жек көргүдөй кылып бурууга аракет кылып жатышат», — деп жазылган басылманын билдирүүсүндө.