Президент Алмазбек Атамбаев «Президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Аларга ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоодо биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана добуш бере алышат.

Атамбаев өзгөртүүлөргө 23-апрелде кол койду. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана киргизилет.

«Шайлоочу добуш берүүгө комьпютердик маалыматтар базасында биометрикалык идентификациясы (манжа издери, санариптик сүрөт жана кол тамгасы) болгон шартта гана киргизилет», — деп жазылган президенттин аппаратынын билдирүүсүндө.

Шайлоочулардын тизмесин биометрикалык маалыматтарды топтоо менен алектенип жаткан Мамлекеттик каттоо кызматы түзөт. Буга чейин шайлоочулардын тизмесин шайлоолор менен референдумдарды уюштурууга жооптуу орган болуп эсептелген Боршайком аныктап келген.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын күзүнө белгиленген. Ал 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына болчу экинчи шайлоо болот.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо өнөктүгү өткөн жылдын сентябрында башталган, анда демилгечи катары биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев чыккан.

Вице-премьер биометрикалык маалыматтар кылмыштардын бетин ачууга жардам берип, маалымкаттарды берүүнү тездетүү менен таза шайлоолорду өткөрүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын айткан.

«Биометрикалык маалыматтарды топтоо кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Бир нече киши биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тарткан конкреттүү фактылар бар. Көрсө алар ойдон чыгарылган ысымдар жазылган экиден паспортторго ээ экен. Биометрия кимдин мыйзамсыз алган паспорту бар экендигин аныктоого 100% мүмкүндүк берет», — деп билдирген Сарпашев 2014-жылдын аягында.

Буга чейин юрист Нурбек Токтакунов мамлекеттин биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кыла аларына ишенбестигин айткан.

«Мүмкүн ал манжа издери кимдир бирөө тарабынан жашыруун ташталат. А манжа издерин жасап коюш анчалык деле кыйын эмес — манжа издеринин көчүрмөсү, муляждар. Мунун баарын жеңип чыгууга болот. Ал так идентификацияны камсыз кылбайт», — деген ал.

Автор: Алтынай Джалмамбетова