Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев отставкага кеткендиги тууралуу билдирди. Анын кетиши жалпы өкмөттүн отставкасына алып барат. Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясы боюнча оптималдуу чечим сунуштаган адамга кызмат ордун өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.
Оторбаев отставкага кеткендиги тууралуу 23-апрелде, өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери боюнча парламент алдында отчет берип жаткан жыйындын жүрүшүндө билдирди. Депутаттар анын отчетун «канааттандыраарлык» деп табышты.
«Өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп тапканыңыздарга рахмат. Бул бир гана кишинин иши эмес. Демократиялык өлкөдө бийликтин монополиясы болбош керек. Бийлик бутагын дагы бир жолу силкиш керек деп ойлойм, ошондуктан бүгүн ээлеген кызматымдан кетеримди билдирем», — деди ал.
Оторбаевдин отставкасын өкмөттүн басма сөз кызматы ырастады.
Буга чейин Оторбаев отставкага кетүүгө жана кызматын «Кумтөр» ишканасы боюнча мыкты чечим сунуштаган адамга өткөрүп берүүгө даяр экенин бир канча жолу билдирген. «Кумтөр» — учурда канадалык «Центерра» компаниясы ээлик кылган алтын өндүрүү ишканасы. Өз кезегинде Кыргызстандын бийлиги «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээ, бирок азыр ишканада көбүрөөк үлүшкө ээ болууну каалап жатат.
«Менин отставкага кетүү чечимим көпчүлүк коалициясына кыйла чечкиндүүрөөк премьер-министр тандап алышына мүмкүндүк берет деп ойлойм. Биздин өлкөдө андай адамдар бар, ал эмес силердин араңарда да андай талапкерлер бар», — деп жазган «АКИпресс» агенттиги анын айткандарын.