«Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун кызматкерлери жактоочуларынын үйлөрүндө тинтүү иштерин жүргүзүүгө берилген уруксат боюнча сотко даттанышат. Алар прокуратурадан алдыда чыгарыла турган соттук чечимдердин мыйзамдуулугунө көз салуусун өтүнүштү.

Ош облустук соту жактоочулар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун кеңсеси менен юристтеринин үйлөрүндө тинтүү иштерин жүргүзүүгө берилген уруксат боюнча үч даттануу арызын карап чыгышы керек.

«Бир дүйнөнүн» өкүлдөрү тинтүүгө берилген уруксатты «мыйзамсыз» деп эсептешет. Соттук угуулар 29чу жана 30-апрелге белгиленген.

24-апрель күнү күндүз «Бир дүйнөнүн» башчысы Төлөйкан Исмаилова Башкы прокуратурага расмий кат менен кайрылды. Анда ал көзөмөлдөө органынан соттук угууларга прокурордун катышуусун өтүндү.

Kloop.kgнин кабарчысына аты-жөнүн айтуудан баш тарткан Башкы прокуратуранын өкүлү кат «жетекчилик тарабынан карала электигин» айтты. Көзөмөлдөө органынын кызматкеринин айтымында, өтүнүчтү карап чыгууга бир аптага жакын убакыт кетет.

Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Салиев менен Вахитовдун үйлөрүндө, ошондой эле «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө ноутбуктар жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдары алынган.

Жактоочулардын өзүлөрүнө айып тагылган эмес. Тинтүү иштери Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан «экстремизмге» шектелген америкалык журналист Умар Фаруктун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

Журналистти кармоо маалында УКМКнын кызматкерлери анын жанынан  «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдарын тапкан.

Кийин Фаруктун өзү Кыргызстандан департацияланган.

Автор: Малика Баяз.