Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкасын кабыл алды. Аны менен бирге автоматтык түрдө өкмөт дагы отставкага кетет. Оторбаев кызматтан тургандыгы жөнүндө парламенттин 23-апрелдеги жыйынында билдирген.

Атамбаев 24-апрелде премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Өкмөт мүчөлөрү жаңы министрлер кабинети түзүлгөнчө милдетин аткаруучу болуп иштеп турушат. «Спутник» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, премьер-министрдин милдетин убактылуу биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев аткарат.

Оторбаев отставкасы тууралуу парламенттин 23-апрелдеги жыйынында билдирген. Анда ал өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери боюнча отчет берип жаткан. Депутаттар анын отчетун «канааттандыраарлык» деп табышкан.

«Өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп тапканыңыздарга рахмат. Бул бир гана кишинин иши эмес. Демократиялык өлкөдө бийликтин монополиясы болбош керек. Бийлик бутагын дагы бир жолу силкиш керек деп ойлойм, ошондуктан бүгүн ээлеген кызматымдан кетеримди билдирем», — деген ал.

Оторбаевдин отставкасын өкмөттүн басма сөз кызматы да ырастады.

Буга чейин Оторбаев отставкага кетүүгө жана кызматын «Кумтөр» ишканасы боюнча мыкты чечим сунуштаган адамга өткөрүп берүүгө даяр экенин бир канча жолу билдирген. «Кумтөр» — учурда канадалык «Центерра» компаниясы ээлик кылган алтын өндүрүү ишканасы. Өз кезегинде Кыргызстандын бийлиги «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээ, бирок азыр ишканада көбүрөөк үлүшкө ээ болууну каалап жатат.

«Менин отставкага кетүү чечимим көпчүлүк коалициясына кыйла чечкиндүүрөөк премьер-министр тандап алышына мүмкүндүк берет деп ойлойм. Биздин өлкөдө андай адамдар бар, ал эмес силердин араңарда да андай талапкерлер бар», — деп жазган «АКИпресс» агенттиги анын айткандарын.