ЕАЭБге кошулууда принципиалдуу эки келишим боюнча бир пикир жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын жаңы биримдикке расмий кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.

Азаттык: Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине расмий кирүү мөөнөтү жылат деп айтылууда. Канча мөөнөткө созулушу мүмкүн жана анын себеби эмнеде?

Т.Сариев: Биз азыр мөөнөтү жылдырылды деп айта албайбыз. Эки келишимге тиешелүү 2 протокол болушу керек эле. Ошол 2 протоколдун үстүндө иштеп жатканбыз. Биз үчүн эки принципиалдуу маселе бар. Биринчиси - эл аралык келишимдер күчүнө киргенден кийин биз алчу жеңилдиктер. Кыргыз-кытай техникалык экономикалык келишими боюнча биз кытайлардан акча алып, жолдорду, ГЭСтерди салып, жогорку чыңалуудагы зымдарды тарталы дегенбиз. Ошондуктан ал жагынан жеңилдик болсо дейбиз.

Экинчиси - фито-санитардык эквиваленттик система боюнча суроо турат. Анткени биз аны таанышыбыз керек. Ушул эки маселе боюнча бир пикирге келе элекпиз.

Ошонун кесепетинен протоколго кол коюу кечигип атат. Ал кечигип калса биздин өнөктөш мамлекеттерибиз - Орусия, Казакстан, Беларус, Армения келишимди ратификациялоого жетишпей калышы мүмкүн. Мурда айтылгандай эле келишим ЕАЭБге кирген бардык өлкөлөр тарабынан ратификацияланган учурда гана күчүнө кирет. Ошол себептен кандайдыр бир мөөнөткө жылып кетүү коркунучу бар жана биз ошол мөөнөттү кыскартуунун үстүндө иштеп атабыз.

Азаттык: Ал мөөнөт канчага созулушу мүмкүн экени белгисиз турбайбы? Анда чек ара бекеттери дагы мурда белгиленген мөөнөттө ачылбайт да?

Т.Сариев: Канча мөөнөткө экенин айта албайбыз. Алар көз карандысыз мамлекеттер, эгер 8-майда протоколдорго кол коюлуп калса, биз бардыгы даяр болуп ратификациядан өтүп, майрамдан кийин чек ара ачылат деп ойлогонбуз. Эгер 8-майда протоколго кол коюлуп, алар ратификацияга кеткенде дагы кайсы бир мамлекет 10 күндө, кайсы бир мамлекет андан дагы узак убакытта өткөрүшү мүмкүн. Азыр ошонун мөөнөтүн кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.