Борбордун бийлиги жана «Велоуюм» коомдук бирикмеси кичи райондор менен шаардын борборун бириктире турган веложолдун курулуш долбоорун даярдап жатышат — жолдун жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Долбоорду түзүүчүлөрдүн айтымдарында, веложолдун курулушуна 100 миллион сомго жакын каражат керек болот.

«Велоуюм» коомдук биримдигинин негиздөөчүсү Искендер Алиев Kloop.kgге берген маегинде учурда шаар бийлиги жумушчу долбоорду иштеп чыгып жатканын, андан соң веложолдун курулушу башталарын билдирди.

«Топографиялык сүрөткө түшүрүү иштери жүрүүдө, кезекте Архитектуралык-пландоо шарттарын, деталдуу сметаларды алуу турат. Күзгө жакын биринчи этабы [курулуштун] аяктайт», — деди  Алиев.

Бул веложолдун долбоорунун эскиздери 2014-жылдын августунун башында жарыяланган. Ал 12 кичи райондон башталып, Ала-Тоо аянтына чейин созулат.

Мэрдин кеңешчиси жана Бишкек муниципалитетинин алдындагы Коомдук-координациялык кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Кунай Медетхан жолдун жалпы узундугу 11 чакырымды түзө тургандыгын жана анын курулушуна жеке инвестицияларды тартуу каралып жатканын айтты.

Тема боюнча: Бишкектеги веложолдор кандай болот?

«Долбоорду түзүүчүлөр берген болжолдуу маалыматтар боюнча, веложолдун жалпы узундугуна кетчү сумма 100 млн. сомго чыгат», — деди Медетхан.

Бирок ал бул үчүн каражаттын кайсыл булактардан бөлүнө тургандыгын так айтып бере алган жок. Кеңешчинин айтымында, шаардык бюджетте веложолдор үчүн акча каралган эмес.

Веложолдордун биринчи долбоору 2014-жылдын августунда сунушталган.

«Болушунча көп адамдын велосипеддерге отурушу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Биздин шаардын шартында — бул өтө ыңгайлуу. Кийинки кадамыбыз велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган веложолдорду түзүү болот», — деп жазган анда Кулматов «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Бишкекте веложолдорду төшөө идеясы шаарда эки дөнгөлөктүү транспорттун популярдуулугунун артып бараткандыгынан улам жаралган.

Автор: Эльнура Алканова.