Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 9-майдагы жеңиш парады Канттагы орусиялык аскер кызматкерлеринин катышуусунда өтө тургандыгын айтты. Ал президент Москвага бара тургандыгын, андан улам парадды кабыл албастыгын ырастады. Андан сырткары мекеме өкүлдөрү парламентке кыргыз окуу жайларындагы аскердик кафедраларды жаап, альтернативалык кызмат өтөөлөрдү жоюуну сунуштагандыгын билдирди.

Коргоо министрлиги «Жалпы аскерге милдеттүүлүк жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосуна киргизди — мекеме анда аскердик кафедраларды жабууну жана армиядагы альтернативалык кызмат өтөөнү жоюуну сунуштаган.

«Биз окуу жайлардагы аскердик кафедралар менен «ден соолугуна байланыштуу альтернитивалык кызмат өтөө» пунктунун жоюлушун сунуштап жатабыз», — деп билдирди Коргоо министрлигинин уюштуруу-мобилизациялоо башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов.

Анын айтымында, альтернативалык жол менен кызмат өтөө кыргыз армиясындагы «криминогендик жана коррупциялык көрүнүштөрдүн» бири болуп эсептелет.

«Биз жаш муун ата мекендин эмне экенин жана аны кантип коргоо керектигин билиши үчүн даярданып жатабыз», — деди Абдрахманов.

Кудайбердиевдин маалымат жыйынынын толук видеосу:

Тексттик хноника:

11:18 Коргоо министрлиги сунуштаган өзгөртүүлөр: окуу жайлардагы аскердик кафедраларды жабуу, мыйзамдан ден соолугуна байланыштуу альтернативалык кызмат өтөөнү алуу жана офицердик наамды контракттык негизде кызмат өтөө аркылуу гана алуу.

11:13 Башкы штабдын уюштуруу-мобилизациялоо башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов коргоо министрлиги аскерге милдеттүүлүк тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаганын айтты.

10:55 Министр Бишкекте парадды президент Алмазбек Атамбаев эмес, а Башкы штабдын жетекчиси Асанбек Алымкожоев кабыл ала тургандыгын ырастады. Кудайбердиев 9-майда өлкө башчысы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдө Москвада болорун айтты.

10:51 Кудайбердиев орусиялык базадан парадка 70 аскер, 8 Су-25 учагы жана 4 тик учак тартыла тургандыгын айтты.

10:47 Министр парадда Кыргызстандын аскерлеринин жаңы аскердик формасы көрсөтүлө тургандыгын кошумчалады.

10:43 Ал ардагерлер Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70-жылдыгына карата жасалган атайын медалдар менен сыйлана тургандыктарын айтты.

10:41 Министр Бишкектеги парадда Канттагы орус базасынын аскердик техникалар да болорун айтты.

10:39 Кудайбердиев армияны өнүктүрүү үчүн Орусия Кыргызстанга 1,5 млн. доллар бөлгөндүгүн айтты. Ал парадда Орусиядан алынып келинген аскердик техникалар көрсөтүлөрүн кошумчалады.

10:38 «Быйыл парад башкача өткөрүлөт. Биринчиден, парадка катышкан аскер кызматкерлеринин саны көп болот. Экинчиден, 70тен ашык аскердик техникалар болот», - деди министр.

10:37 Коргоо министри 9-май Жеңиш күнүн «улуттук майрам» деп атады. Ал президент 2013-жылы 9-майды кеңири белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгондугун айтты.

10:32 Мекеме башчысынын айтымында, Коргоо министрлигинин башкы милдети -- куралдуу күчтөрдү каржылоо, техникалык жактан камсыздоо, эл аралык аскердик-техникалык кызматташуу, кадрларды даярдоо, куралдуу күчтөрдүн объектилеринин инфраструктурасы маселелери.

10:30 Ал реформанын негизги бөлүгү -- Коргоо министрлиги менен Башкы штабдын функцияларын тактап, ажыратуу экенин кошумчалады. «Силерге белгилүү болгондой, Коргоо кеңеши менен коргонуу боюнча орган тарабынан борбордук аскердик башкармалык катары Башкы штаб түзүлгөн», -- деди Кудайбердиев.

10:28 «Коргоо министрлигинин негизги ишмердүүлүгүнүн бардыгы тең куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүүгө багытталган», - деди ал.

10:28 Басма сөз жыйыны башталды Ал учурда мекемеде реформалар жүрүп жатканын жана алар бир нече жылга созула тургандыгын айтты.

10:22 Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу окурмандар. Азыр коргоо министри Абибиллп Кудайбердиевдин маалыматы жыйыны башталат. Анда ал 2014-жылы мекемеде кандай иштер аткарылганды жана кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы жөнүндө айтып берет.