Парламенттик коалиция премьер-министрлик кызматка экономика министри Темир Сариевдин талапкерлигин сунуштайт, деп билдиришүүдө кыргызстандык ЖМКлар.

«КирТАГ» маалымат агенттиги көпчүлүк коалициясынын жана «Ар-Насыс» фракциясынын лидери Феликс Куловго шилтеме жасап, Сариев Кыргызстандын премьер-министри кызматына бирдиктүү талапкер катары сунуштала тургандыгын жазды.

«Сариев системаны ичинен билет, ал саясатта чоң тажрыйбага ээ, ошондой эле ал Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланышкан иштер тууралуу билет», — деп жазган «КирТАГ» Куловдун айткандарын.

«Азаттык» радиосу КСДП фракциясынан депутат Бактияр Кадыровго шилтеме жасап, башкаруучу коалиция экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин талапкерлигин талкуулап, «ошого токтогондугун» жазган.

«Сариев парламенттин ишин абдан жакшы билет. Ошондой эле өкмөттүн ишин дагы билет, көп убакыт бою экономика министри болуп иштеп келет. Андан сырткары ал Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча жумушчу топтун башчысы. Ошондуктан кеңири профилдеги адис катары анын талапкерлиги тандалды», — деп жазды «Азаттык» социал-демократтын айткандарын.

vb.kg жаңылыктар сайты Феликс Куловго шилтеме жасоо менен Сариев «парламенттик көпчүлүктүн шартына макул болгондугун» жана 2015-жылдын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын жазды.

«Ошондой эле ал коалициянын премьерликке талапкерди тандап жаткандагы критерийлердин бардыгы боюнча туура келет. Ал өкмөттүн мүчөсү, ага ал жерге көнүүгө туура келбейт, биринчи күндөн тартып эле жумушка кирише алат», — деп жазган vb.kg Куловдун айткандарын.

Буга чейин ЖМКлар Темир Сариевдин талапкерлигин «Республика жана «Ата-Журт» фракциялары жактыргандыгын билдиришкен.

Эгер парламент менен президент Сариевдин премьер-министрликке талапкерлигин жактырса ал 23-апрелде отставкага кеткен Жоомарт Оторбаевдин ордун ээлейт.

Сариев экономика министри кызматында 2011-жылдын аягынан бери иштеп келет жана Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришинин башкы колдоочуларынын бири болуп эсептелет.

Депутаттар Сариевден сырткары вице-премьерлер Валерий Диль, Тайырбек Сарпашев, Абдырахман Маматалиев жана Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлигин да карашкан.

Оторбаевдин өкмөтү алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасынын түзүмүн өзгөртүү маселесин чече албай койгон соң отставкага кеткен.