Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Тынчтык проспектисин Айтматов проспектиси кылып өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт:

Мага негизинен эле көчөлөрдүн аталышын өзгөртүп, ага адамдардын (кандай гана адам болбосун) ысымдарын коюу жага бербейт, бирок Чыңгыз Айтматовду анын ысымынан көчөнү атоого татыктуу деп коелу.

Бирок депуттар көрсөткөн проспект өтө эле ийгиликсиз тандалган. Жакынкы муун аны Айтматов проспектиси деп атабайт, эмнеге экенин түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын.

Эгер административдик-бюрократтык жактан гана алып карганда көчөнүн аталышын өзгөртүү — өтө деле кыйын иш эмес. Бир нече жыл өтөт да «Айтматов проспектиси» деген жазуу карталарда дагы, юридикалык жактардын кагаздарында дагы, мөөрлөрдө жана көчөнүн аталышы жазылган такталарда дагы бекемделип калат.

Көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө байланышкан эң чоң кыйынчылык — бул адамдардын көчөнүн жаңы аталышын күнүмдүк турмушта колдонушу. Бул адатты калтыруу миңдеген жаңы мөөр чыгаруу же жүздөгөн жазууларды алмаштыруудан кыйла эле оор.

Адамдар көчөнүн жаңы аталышына көнүп кетишеби-жокпу ушул кызык. Көпчүлүк учурларда ал өтө эле жөнөкөй факторго — эски аталыштагыга караганда жаңы аталыштагы муундардын саны жана аны айтуунун жеңилдигине көз каранды болот.

Шаар бийлигинин ушул факторго таптакыр көңүл бурбагандыгы таң калычтуу. 90-жылдардан бери Бишкекте канчалаган көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлдү, бул тажрыйбадан көп нерсеге үйрөнүп алууга болот да.

Бир нече мисалды ажыратып карап чыгуу жетиштүү. Эң белгилүүсүнөн баштайлы:

Совет көчөсүнүн аталышы Абдрахманов жана Байтик баатыр болуп өзгөртүлгөн

Bishkek-Kyrgustan2-11-1074x483-1024x461

Жыйынтык — бир дагы жаңы аталышка эл көнүп кеткен жок. Мен совет бийлигин жакшы көрчү эмесмин, азыр дагы жакшы көрбөйм, бирок күнүмдүк турмушта «Совет көчөсү» деген аталышты пайдаланам, анткени анда — төрт муун бар, а «Абдрахмановдо» — беш, анан да анын бир жагында «б», «д», «р», экинчи жагында «х» жана «м» тыбыштарынын оор айкалышы бар.

«Байтик баатыр» — андан дагы оор. Анда эки сөз жана жалпы жонунан алты муун бар.

Ленин проспектисинин аталышы Чүй проспектиси деп өзгөртүлгөн

IMG_9169-1024x683

Абдан ийгиликтүү өзгөртүү болгон. Ал эмес Бишкектин өтө ашынган коммунисттери Чүй проспектисин Ленин проспектиси деп айтышпайт. Чүй — көчө үчүн өтө ыңгайлуу аталыш, ал бир муундан жана өтө жөнөкөй тыбыштардан турат. Борбордун жашоочуларынын көбү, өзгөчө отуз жаштан кичүүлөрү буга чейин проспектинин Ленин деп аталгандыгын билбеши мүмкүн.

А андан мурун көчөнүн КПССтин  XXII съездинин урматына аталып келгендигин билгендер андан да аз болсо керек.

Донецк көчөсүнүн аталышы Сүйөркулов деп өзгөртүлгөн

IMG_6256-1074x483-1024x461

Жыйынтык — баары тең эле азыркыга чейин «Донецкий» көчөсү аталышын пайдаланып келишет, анткени анда үч муун, а «Сүйөркуловдо» төрт.

Октябрга 50 жыл көчөсүнүн аталышы Ахунбаев көчөсү деп өзгөртүлгөн

Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан аялдамадагы маршруттук таксилер.
Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан аялдамадагы маршруттук таксилер.

Ахунбаев — көчөнүн аталышы үчүн кыйла эле узун (төрт муун), бирок ага чейинки аталышы абдан узун жана ыңгайсыз болгондуктан аны өтө тез эле унутуп калышкан.

Карл Маркс көчөсүнүн аталышы Юнусалиев көчөсү деп өзгөртүлгөн

Karla-Marksa-1024x585

Бул учурда эки муундун ордуна беш муун болуп калган. Жыйынтык күтүлгөндөй эле — шаардыктардын көбү күнүмдүк турмуштарында «Юнусалиевдин» ордуна «Карл Маркс» деген аталышты көп колдонушат.

Белинский проспектисинин аталышы Манас проспектиси деп өзгөртүлгөн

IMG_9209-1024x535

Кызыктуу учур. «Манас» (эки муун) Белинскийге (үч муун) караганда кыска өңдүү. Бирок калк арасында Белинский проспектиси «Белинка» деп аталып келген — бул деле үч муундан турат, бирок айтууга кыйла оңойроок.

Жыйынтыгында проспектини «Манас» деп дагы, «Белинский» деп дагы айтып келишет, бирок менин байкашымча, акыркы жылдары «Белинкага» караганда «Манас» проспектиси көп айтыла баштады.

Дзержинский гүл багынын аталышы Эркиндик гүл багы деп өзгөртүлгөн

346B435B-B4A0-4713-8052-728E7C4FCFDF_mw1024_s_n-1024x683

Жаңы аталышы эскисинен кыскараак болгон так эле Манас проспектисиндегидей учур, бирок анда дагы деле «Держинка» деген бейформал аталышы жашап келет. Ал дагы «Эркиндик» деген сөздөгүдөй эле муундан турат.

Мында «Эркиндик» деген сөз менен КГБнын (Мамлекеттик коопсуздук комитети) негиздөөчүсүнүн фамилиясынын ортосундагы сөздөрдүн укмуштуудай атаандаштыгы бар.

===

Башкаларын ажыратып кароонун кажети деле жок, анткени Бишкекте жүздөгөн ашык көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлгөн. Жөн гана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары «Коммунисттик көчөсү» же «Кызыл октябрь көчөсү» сыяктуу аталыштардын эмнеге пайдаланылбай калгандыгын жана эмне себептен элдердин «Курманжан Датка көчөсү» сыяктуу аталыштарга көнүп кете албагандыгын эске алуулары керек.

Мында эч кандай саясат жок. Мүмкүн саясий көз карашынан улам принциптүүлүк менен узунураак аталыштарды пайдаланууга даяр бир канча пайыз адамдар бар чыгаар, бирок аларга багыт албоо керек.

Адамдар айтууга ыңгайлуу болгон аталыштарды тандашат.

Кандай болсо да «Айтматовго» караганда «Тынчык» кыйла кыска жана ыңгайлуу аталыш. Тынчтык проспектисин кээ бирде «Манас» проспектиси деп да айтышат, анткени экөө бир көчөдө турат. «Манас» деген аталыш дагы «Айтматовго» караганда кыска.

«Белинка» деген сөз да «Айтматовдон» кыска.

Ошондуктан жакынкы он жыл ичинде элдер бул жаңы аталышка көнүп кетишпейт.

Айтматовдун урматына Жаш Гвардия гүл багын атаса болот. Же болбосо Логвиненко же Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн. (мына, аталыштарын өзгөртүү керек болгон канча көчөнү запаска калтырышкан).

Айтматовдун урматына эч нерсени атабай деле койсо болот. Анткени эч кандай көчөнүн аталышысыз эле эл аны кадырлап барктайт, эсинен чыгарбайт.