«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму кеңсесинде жана жактоочулары Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйлөрүндө УКМКнын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүүгө берилген уруксат боюнча доо арыз жазган — Ош облустук соту ал тинтүү иштерин мыйзамсыз болгон деп тапты.

Жактоочу Валерьян Вахитов Kloop.kgге берген маегинде Ош облустук соту «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун кеңсесинде жана анын жактоочуларынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген Ош шаардык сотунун чечимин жокко чыгаргандыгын билдирди.

Анын айтымында, соттун бул чечимин УКМКнын кызматкерлеринин аракеттерин мыйзамсыз деп тапты деп баалоого болот.

«Тергөөчүлөрдүн иштерибизди карап, материалдарды алып кетүүгө байланышкан бардык процессуалдык аракеттери мыйзамсыз деп табылды. Эми тинтүүдөн кийин кылынган нерселердин бардыгы тең мыйзамсыз болот. Сот жокко чыгарды», — деди Вахитов.

Ал жактоочулар учурда алардын жумушчу документтеринин каралышынын да мыйзамсыз деп табылышына жетишүүгө аракет кылып жаткандыктарын кошумчалады.

УКМКнын басма сөз кызматы Ош облустук сотунун чечими боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, «Бир дүйнөнүн» иши боюнча материалдардын бардыгы тең Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгендигин билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан соттун чечими менен таанышмайынча эч кандай түшүндүрмө бере албай тургандыктарын билдиришти — соттун чечими аларга үч күндүн ичинде жеткирилиши керек.

Буга чейин «Бир дүйнө Кыргызстандын» башчысы Төлөйкан Исмаилова Ош облустук сотундагы угууларга прокурордун катышуусун өтүнүп, башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрылган.

Вахитовдун айтымында, ал өтүнүч канааттандырылып, жыйынга прокурор Айым Райымкулова катышкан, бирок ал анда «УКМКнын кызматкерлеринин аракеттерин жактаган».

«Бир дүйнөдөгү» тинтүү иштери

«Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде жана жактоочулар Вахитов менен Салиевдин үйлөрүндөгү тинтүү иштери 2015-жылдын мартынын аягында жүргүзүлгөн.

Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери ноутбуктары жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдарын алып кетишкен.

Жактоочулардын өзүлөрүнө айып тагылган эмес, анткени тинтүү иштери Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан «экстремизмге» шектелген америкалык журналист Умар Фаруктун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

Анда Салиев менен Вахитов УКМК кызматкерлерин «жактоочулук кол тийбестик» менен «жактоочулук сырды» бузууга айыпташкан. Өз кезегинде атайын кызматтагылар аракеттеринин мыйзамдуу болгондугун билдиришкен.

УКМК Фарукту кармоо маалында мекеме кызматкерлери анын жанынан  «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдарын тапкандыктарын билдирген.

Кийин Фаруктун өзү Кыргызстандан департацияланган.

Автор: Малика Баяз.